Эртең, 7-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл коюу аземине катышат. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган.
Иш-чарага 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.
Ошол эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында “Ала-Тоо” аянтында курман болгондордун элесине арналган Эл эркиндиги үчүн монументке гүл коёт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ