Menu

Бабырбек Жээнбеков, коомдук ишмер: “6-апрелде Молдомуса Конгантиев менен Акылбек Жапаровду көгала койдой сабашып, менин алдыма апкелишкен…”

Бөлүшүү:

Бакиевдердин кандуу бийлиги менен күрөшүүдө андагы оппозициялык БЭК кыймылына Бабырбек мырза чоң күч берген. Өздүк гезитин бакиевдерден коркпой-үркпөй чыгарып, элдин кыжырына тийген бийликти кулатууга маалыматтык жактан үлкөн салым кошконун адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек.

Бабырбек мырза, 2010-жылдагы 6-апрелде Таласта кандай окуя болгону жамы журтка белгилүү. Жаныш Бакиевдин жасоолу Молдомуса Конгантиев таластыктардан катуу таяк жеген маалда сиз арачы түшүп алып калганыңыз, жаны үчүн сизге жалынып-жалбарып суранганы чынбы? Дегеле сиз Таласка ким тарабынан, канчасында бардыңыз эле?

— Таласка мен 2010-жылдын 6-апрелинде түнкү саат 10дордо БЭКтин (Бириккен Элдик Кыймыл) төрайымы Роза Отунбаева, анын орун басары Алмазбек Атамбаевдин өтүнүчтөрү менен баргам. Негизги милдетим – 7-апрель күнү элдик курултай өткөрүүгө Болот Шерге жардам берүүм керек эле. Бирок, 6-апрель күнү кечке маал Болот Шер Бакиев бийлиги тарабынан камакка алынып, Бишкекке жөнөтүлгөнүнө байланыштуу 7-апрель күнкү окуяларга Роза Исаковнанын өтүнүчү боюнча түздөн-түз жетекчилик кылуу вазийпасы мага жүктөлдү. Биз (мен жана өзүм жетектеген “Манастын урпактары” кыймылынын жигиттери) бул жооптуу тапшырманы ийгиликтүү аткардык. Талас облустук ички иштер башкармалыгына бекинип алып, министр Молдомуса Конгантиевдин буйругу менен куралсыз карапайым элге ок жаадырган 200дөн ашык милиция кызматкерлерин толук куралсыздандырып, андагы 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровду, айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевди, Талас облусунун мурдагы губернатору Байымбет Мураталиевди, анын орун басары Касым Чаргыновду жана башка “бакиевчилерди” элдик жазалоого алып чыктык. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кармаган, качканда колго түшүргөн жигиттер аны, мен Талас облустук администрациясынын алдындагы туу орнотулган секичеде турганымда менин алдыма алып келишкен. Ошол мезгилде эле кызылдай канга чыланган, катуу сабоого дуушар болгон Молдомуса менин алдыма келгенде “байке, жанымды сактап калыңыз?” дегенге араң жараган. Мен Молдомусанын тегерегине эки-үч катар “Манастын урпактарынын” олбурлуу, алдуу-күчтүү жигиттеринен тосмо койгонума карабастан “Конгантиев таластыктар тууралуу минтип айтыптыр” деп ызаланган, ачууга алдырган “намысчыл” туугандарым колдоруна тийген эле нерсе менен Молдомусаны уруп кетүүдөн, мыткып кетүүдөн кайра тартпай, ого бетер өжөрлүк, көктүк менен аны туш келген жерине чаап кетип жатышты. Ал гана эмес, кээде биздин жигиттердин курчоосунан жулуп кетишип, моокумдары канганча тепкилеп-сабаган учурлары да болуптур. Молдомуса баардык кыйноо, сабоолорду көкжал бөрүдөй кайышпай көтөргөндүгүн адилеттик үчүн айтып коюшум парз. Бишкектен Асия Сасыкбаева менен Токтайым Үмөталиева, ЮСАИДдин өкүлдөрү тынбай телефон чалышып, генерал Конгантиевди жаалданган элдин жазасынан аман-эсен алып калуумду кайра-кайра суранып жатышты. Конгантиевди аман алып калууга биз колдон келген аракеттердин баарын жасадык жана анын тирүү калгандыгына “Манастын урпактары” кыймылынын патриот жигиттеринин салымы чоң экендигин кыймылдын ошол кездеги жетекчиси катары мен бүгүнкү күнгө чейин ыраазы болуу менен эскерем. Молдомуса гана бул инцидент тууралуу өз ой-пикирин ачыкка чыгара элек.

— Ар убак “суудан кургак чыккан” кочкорлук байкем Акылбек Жапаров Таласка Молдомуса Конгантиев менен кошо барып, чекесине бир таш тийбей, кыжырданган элден аман-эсен кантип кутулуп кетти эле?

— 2010-жылдын 6-апрелинин түнүндө ошондогу 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун, ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин, айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевдин (таластык) көтөрүлүшкө чыккан таластыктардын демин басуу үчүн Талас шаарына баргандыгы, бирок, булардын элдик нааразычылыкты токтотууга дараметтери жетпей, жеңилүү ызасынан кийин Жапаров менен Конгантиев ОИИББга канатташ жергиликтүү бир мейманканага жашырынууга аракет кылгандарын биздин жигиттер байкап калганда, ал жерден да ал экөө качып чыгууга мажбур болгондору, акырында аргасыз колго түшкөндө ызырынган эл экөөнү тең көгала койдой сабап, алып келишкендиги күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Молдомусага караганда Акылбектин абалы бир кыйла тың, бир топ жакшыдай көрүнгөн. Мен байкагандан экөөнү эл уруп-согуп сүйрөп келатканда эле Молдомуса өз басыгы менен урган-соккондорду майышпай көтөрүп, Акылбек болсо муштум же башка бир нерсе тийсе эле жата калып, колдору менен бети-башын калкалап, эс-учун жоготкон адамдай боло калып жатты. Менин алдыма 5-10 метр калганда Акылбек таяктын уусу өтүп, өзүн жоготкон адам катары көрсөтүп, жерге жатып калды. Мен “тез жардам” машинасын чакыртууга мажбур болдум. Ал тез эле келип, Акылбек Жапаровду салып кетти. Кийин уксам ал ооруканага жатпаптыр. Барары менен жуунуп-тазаланып, тааныш-билиштерин таап, ошолордун жардамы менен Казакстандын Тараз шаарына жетип, андан ары Бишкекке кетиптир. Болгону “ортодо чоң акчага күйүптүр” деп гана угуп калдым.

 Автор: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: