Menu

Иса Өмүркулов: “7-апрелде Сооронбай Шарипович Ошту, мен Чүйдү көтөрмөкмүн…”

Бөлүшүү:

 Каарманым кыргыз парламентинин 5 чакырылышына депутат болгон, өлкөдөгү эң көп эл өкүлү болуп шайланган тажрыйбалуу инсан экендиги талашсыз. Ошондуктанбы, Кыргызстандагы оор саясый өнөктүктөрдөн бул кишини бөлүп кароого болбойт. 2010-жылдагы 7-апрель революциясынын 8 жылдыгын утурлай сак саясый ишмерди кепке тарттык.

 — Иса Шейшенкулович, бүгүн кандуу 7-апрель окуясына 8 жыл толду. 2010-жылдын 6-апрелинде Бакиевдик бийлик ошол кездеги БЭКтин сиз сындуу лидерлеринин баарын атайын кызматка суракка алып келип, камашпады беле? Оппозиция лидерлерин камоо жараянында сиздин камалбаганыңызды ошондогу өнөктөштөрүңүздүн бири Турат Мадылбеков айтып чыкты го?

— Кантип камалган жокмун? Ошол 2010-жылдын 6-апрелинде маркум кесиптешибиз Руслан Шаботоевге айылына барып куран окутуп, шаарга келе жатып, Таластагы окуялардан кабар алып жаттык. Мага 7-апрель күнү Бишкек, Токмок шаарлары менен Аламүдүн районуна митингдерди уюштуруу БЭКтин штабы тарабынан жүктөлгөн. Ошол 6-апрель күнү кечинде биз “Форумдун” имаратында элек, алгач атайын кызмат өкүлдөрү Эмилбек Каптагаевди алып кетишти. Андан соң БЭКтин башка өкүлдөрүн четинен алып кете башташты. Азыр так эсимде жок, Каптагаевден кийин кимисин алып кетишкенин. Кезек мага келгенде атайын кызматтын өкүлдөрү “сиз күбө болуп барасыз” дешти эле, мен дароо баш тартып, эл өкүлү катары депутаттык кол тийбестигим бар экенин, барсам парламенттин чечими менен гана бара турганымды айттым. Акыры ортодо чыңалган тирешүү орун алып, байкасам булар эчтекеден кайра тартпай, депутаттык кол тийбестигиме карабай күчкө салып, колумду бурап, баары бир алып кетишерин билип, акыры барууга туура келди. 6-апрель күнү кечинде алып барышкан, ошол күнү түнү менен таң аткыча суракта болдум. Эртеси 7-апрель күнү таң атпай тергөөчүлөргө кырдаал курч экенин айтып, БЭКтин өкүлдөрүнүн көпчүлүгүн камап жатышканын, атайын кызматтын андагы төрагасы Мурат Суталиновго жолугуштурууну депутат катары талап кылдым. УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысына “эртең башаламандык болуп, бирөө жарым мерт кете турган болсо, башыңар менен жооп бересиңер” деп катуу айттым. Саат канчалар экенин билбейм, менин талабыма атайын кызмат өкүлдөрү Суталинов менен эмес, анын 1-орун басары (аты-жөнү эсимде жок) менен жолуктурушту. Мен ага сырттагы кырдаал боюнча ачуум менен эмоциямды чыгарып, от менен ойноп жатышканын айтып, бир тийсем ал дароо “камактагыларды чыгарабыз” дей калды. Көрсө, ошол мүнөттөрдө “Форумдун” жанындагы окуялар башталган экен. Мени Суталиновдун 1-орун басары менен жолугуштурушкан соң, кайра алып барып киргизип коюшту. Түштөн кийин УКМКнын биз камалган күн батыш жагынан мылтыктын, автоматтын атылган үндөрү катуулап угула баштады.

— БЭКтин башка мүчөлөрүнүн камакка алынбай калышында кандай сыр бар?

— Мен эми бирөө-жарым жөнүндө жооп бере албайм. Болгону өзүм күбө болгон окуяларды гана айта алам. 6-апрелдин түнүндө мен көргөндөн УКМКга Таластан Шерниязовду, бул жактан Атамбаев менен Текебаевди алып келишкенин угуп жаттым. Каптагаев менен Дүйшөбаевди алып келишкенин өзүм көргөм. БЭКтин калган мүчөлөрү Отунбаева, Бекназаров ж.б.лар боюнча ал убакта маалыматым жок эле.

— 7-апрелде Бакиевдик клан элди боо-боо түшүрүп атып жатканда, эл өкүлү катары андагы бийликтеги чечүүчү фигуралардын бирөө-жарымысы менен сүйлөшө алдыңызбы?

— 7-апрель күнү УКМКдан чыга элек болсом кайдан? Кырдаал оорлой баштаганда президент Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевге телефон чалдым. Элмурза менин каякта экениме кызыкканда, УКМКда камалып жатканымды айтсам, “азыр барып калам” деп көп күттүрбөй көздөрү кыпкызыл болуп келип, “Иса мырза, иш чатак, аянтта бир топ кишилер атылды” деди. Мен дароо Элмурзага камалган БЭКтин лидерлерин чыгаруусун айтсам, “бул иш колуман келбейт, камалгандарды чыгара албайм” деди. Ошол маалда Темир Сариев да бар болчу. Ошентип, Сариев экөөбүздү Элмурза Сатыбалдиев Акүйгө алып барды. Акүйгө келип, күн чыгыш жагынан кирсек кире бериштеги фойе солдаттарга жык толгон. Бурчта андагы премьер-министр Данияр Үсөнов кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Сырттагы кырдаал боюнча ачууланган тейде ага бир тийсем, жогору жактагы кабинетинен сүйлөшүүнү суранды. Жогору көтөрүлүп, Үсөновдун кабинетине барсак, өзү менен кошо Суталинов, Каныбек Жороев баштаган бийлик өкүлдөрү отурушуптур. Биз барарыбыз менен Данияр Үсөнов менен Мурат Суталинов “аянттагы элди токтотуп, баскыла, биз сүйлөшөлү” деп мага кайрылды. Мен экөөнө “камактагы оппозиционерлердин баарысын чыгармайынча сүйлөшүү болбойт. Баарын чыгарсаңар гана сүйлөшүү болот” деп таккесе айттым. Дал ошол маалда “эл УКМКга чабуул жасаганга өтүштү” деген маалымат келди. Суталинов мага “УКМК өзгөчө объект, байке, элди токтотуп бериңиз” деп калды. Мен ага “канчалык камактагыларды эртерээк чыгарып, элге карай ок атууну токтотсоңор, эл тынчыйт. Баарысын чыгарып, элди атканыңарды токтотмоюн, биз силер менен сүйлөшпөйбүз” деп айтып, чыгып кеттим. Акүйдүн күн чыгыш жагына чыксам, КамАЗ турган экен, үстүнө чыгып, сүйлөйүн десем балдар келип тоголотуп түшүрүп кетишти. Мен түшүнбөй калсам, “байке, Акүйдүн үстүнөн атып жатышат” деп калышты. Көрсө, ошол мүнөттөрдө кайрадан ок атууну жаадырышып, президент Бакиевдин иниси Жанышты Акүйдөн алып чыгып кетишиптир.

— Азыркы президент Сооронбай Шарипович анда эмнеге камалбай калган эле? Же силердин катарыңарга анчейин кошулчу эмес беле?

— Ал кезде Сооронбай Шарипович Ошто болгон. Башта айтпадымбы, БЭКтин мүчөлөрү жер-жерлерде 7-апрель күндөгү болчу митингдерге бөлүнгөнбүз. Маселен, биз Токмоктон баштамакпыз. Өлкөбүздүн баардык аймактары боюнча нааразычылык иш-чараларын бир убакта өткөрүүнү демилгелегенбиз. Сооронбай Шарипович Оштогу митингдерге жооптуу болуп, уюштуруу иштери менен алек болуп жүргөн.

— Кандуу окуянын болору болду, болмок тургай арадан 8 жыл өттү. Андагы бийликти, жоопкерчиликти колго алган лидерлердин бири катары эми айтыңызчы, өлкөдө бул аралыкта жылыш болдубу? Тирүүлөрдү мындай коелу, окуяда окко учкандардын үмүт-тилегин ишке ашыра алдыңыздарбы?

— “Толугу менен үмүт-тилектер аткарылды же көрүнүктүү жылыштар бар” деп айткандан алысмын. Буга бир нече себептер бар. Ырас, бул аралыкта саясый система туруктуу болуп, өлкөбүздө стабилдүүлүк орноду. 7-апрелден кийинки келген эки бийлик өлкөбүздө таза шайлоолорду өткөргөнгө жетишти. Ал эми 8 жылда экономикалык көрсөткүчтөр менен кадр маселеси тиешелүү деңгээлге жеткен жок.

— Өткөн жылы сиздин 60 жылдык мааракеңизде бир кездеги кесиптешиңиз, экс-спикер Муратбек Мукашев “Иса Өмүркуловго кайсы бийлик болбосун кылмыш ишин козгошот да, акыры барып акташат. Иса ушул жагынан айырмаланган саясатчы” деген тейдеги тамаша тооруй кебин айткан экен. Байкасам, сизге эгемендүүлүк алгандан бери Роза Исаковнанын бийлиги эле иш козгогон эмес го ээ?

— Таза жүрсөң акыры барып таза чыгасың да. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алганга чейин эле мен республикадагы ЦК комсомолдун борбордук аппараты менен партиялык органдарда иштегем. Жогорку партиялык мектепти аяктагам. Сөздүн кыскасы, КПССтин тарбиясын көргөм дегендей. Кийин темир жолду жети жылга чамалуу убакыт башкардым. Акаевдин учурунда темир жолдогу ишмердүүлүгүм боюнча тыкыр текшерүүгө алышканы менен иш козгошкон эмес. Ак ниеттүлүк менен аткарган ишимден эч нерсе табышпады. Ал эми Бакиевдин бийлиги келгенде, биз толугу менен элдин келечеги үчүн оппозицияга өттүк. Ошондо Бакиевдин айланасы күч органдарынан, эсеп палатасынан, салык кызматынан атайын биргелешкен комиссия түздүрүп, темир жолдо иштеп кеткен изимди текшерүүгө алышып, соңунда бир дагы кынтык табышпай, акыры айлалары кетип, жалаа жапканга өтүштү. Казакстандын жаранына арыз жаздырышып, иш козготкон. Акыры анын деле жалаасы суу кечпегендиктен, энеме иш козготушуп, үйүмө граната жардырышкан. Жакындарымдын баарысын жумуштан айдашкан. Ошого карабай, эл үчүн башыбызды сайып турганбыз. Бычактын мизинде жүргөн күндөр көп болду. 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен мүчөлөрү Бишкек шаарын башкарып берүү өтүнүчүн айтышканынан улам борбор калаабызда ошол күндөн баштап оор кырдаалдарда иштедик. Революциядан кийин шаарыбызда миңдеген адамдар тарабынан жер басып алуу, мародерчулук өңдүү терс иштерди токтоттук. Анан калса шаарыбызда байма-бай митингдер өтүп турду. Ошондой оор кырдаалдарды башыман кечирип, төрт жылга жакын Бишкек шаарын жетектедим. Бул аралыкта бир да күн эмгек өргүүсүнө кетип же “больничныйга” чыккан жокмун. Ишти жөнгө салып, эл оозуна алына баштаганымда, шаардан бир чарчы метр жерди бирөөгө берип же саттырбаганыма карабастан, ошол кездеги Атамбаевдин бийлигиндеги айрым саясый күчтөр тарабынан иш козгошту. Бишкек шаарын жетектеп турганымдагы баардык иштеримди толук текшеришти. Иштин чоо-жайы убагында коомчулукка кеңири маалымдалган. Бул эми мага карата тагылган абсурддук күнөө болгон. Бирок, жыйынтыгында анысы да суу кечкен жок. Сот тарабынан акталдым. Болгону күндөн-күнгө эл тарабынан жылуу пикирлерге арзып, аброюмдун жогорулап жатканынан чочуп кетишип, баштан-аяк жугунду төккөнгө ашыгышты. Саясый буюртма менен убагында каралашып, иш козгошту эле, акыры Кудайга ишим ак экен, акталдым. Кесиптешим Муратбек Осмоналиевич кыраакы киши эмеспи, ушундай жагдайлардан улам мага карата сен айткандай пикирин айткандыр.

 Автор: Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс              

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: