Menu

Алмаз Үсөнов өзүн дагы деле Илим Карыпбековго шеф сезеби?

Бөлүшүү:

Атамбаевдин учурунда Алмаз Үсөнов деген жигиттин жылдызы катуу жанганын эч ким тана албайт. Бакиевдик бийликтин маалымат кызматында кагаз ташыганга гана жарап, бир бурчта тынч олтурган жигит, кийинки бийликтин аппарат башчылыгына чейин көтөрүлүп, “шефинин” маалымат жагын көзөмөлгө алганга жетишти. “Боссу” менен кошо кызматтан бошоп кеткенине карабай, мамлекеттик маалымат каражаттарын да мурункусундай тескөөгө алууга аракет жасап, бирок аны менен кошо мурунку ажонун да сөзү азыр эч кимге өтпөй калганын аңдабаса керек. Жакында эле Үсөнов КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековго барып “Биздин маалыматты бересиң! Бербесең “шефке” айтам, жумуштан кетесиң!” деп өктөм сүйлөгөнү эмнеси? КТРК ким бийликке келсе ошонун арыгын чабарын Алмаз билбейби? Илим дагы мажирөө жигит эмес да. Өктөм сүйлөп барган Үсөновго “Мен мамлекет каржылаган телевидениени башкарып олтурам. Бир адамга кызмат кылбайм. КТРК ким бийликке келсе ошонун саясатын жүргүзөт. Ушуну “шефиңе” да айтып бар” деп короодон чыгарып коюптур.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: