Menu

Бул жакта кан төгүлүп жатканда, Максимдин жанында жүргөн Исаковдун апрель революциясы тууралуу ооз ачканга моралдык укугу барбы?

Бөлүшүү:

Бул жакта кан төгүлүп жатканда, Максимдин жанында жүргөн адам апрель революциясы тууралуу айтса айласыздан ырсаят экенсиң. Сапар Исаков борбордук аянтта кыргыздын азамат жигиттеринин (баары эле эмес) каны төгүлүп жаткан кезде “Бакиев кетсин!” деп ошол жигиттер менен аянтта кан кечип жүрдү беле? Кайдан. Ал ошол күнү Максим Бакиевди АКШда тосуп алып жүргөн. Вашингтон менен биздин убакыттын айырмасы 12 саатты түзөт экен. Максим Бакиевдин учагы АКШнын борборуна жергиликтүү убакыт менен 7-апрель күнү саат түшкү экилерде конгон. Ал убакта бизде 8-апрель болуп, Бакиевдин бийлиги урап, Убактылуу бийлик иштей баштаган. Азыр “Апрель баатырлары өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкөн. Алардын эрдигин унутпашыбыз керек. Алар мурунку бийликтин режимине каршы чыгышкан” деп сүйлөп жаткан азыркы өкмөт башчыбыз Сапар Исаков бул жакта бийлик алмашып, Максимдин доору бүткөнүнө карабай, анын жанында чуркап жүргөнүн үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканбыз, Бакиевчилерди кайра бийликке келтирбейбиз дегендер унутуштубу? Кан төгүлүп, бүтүндөй кыргыз кайгыга батып турган кезде, океандын нары жагында ханзаада менен чогуу чыкыйып жүргөн адам апрель революциясы тууралуу ооз ачканга моралдык укугу барбы. КСДПнын торпедасы Ирина Карамушкина жакында эле апрель революциясынын максаттары ишке ашкан жок деп күйпөлөктөдү эле. Карамушкина ошондо Исаковго окшогондорду көрүп туруп кейисе керек

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: