Menu

УКМКнын Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев менен Финполдун төрагасы Замирбек Осмоновду камакка алуу ниети бар

Бөлүшүү:

КР УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча саясый эркин колдоп, бул багытта чечкиндүү кадамдарга барууга даяр экен.

Биздин маалымат булактары билдиргендей УКМКнын төрагасы азыр өлкөнүн жогорку саясый жетекчилигинен Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди КР Жогорку Кеңешинин кассасынан уурдалган 30 миң доллар боюнча, ал эми Финполдун төрагасы Замирбек Осмоновду кошумча нарк салыгын жасалма документтер аркылуу миллиондоп уурдаган фирмалардын иши боюнча камакка алууга уруксат сурап жатыптыр.

Маалымат булактары жогоруда аты аталгандардын ал иштерге катыштыгы бар экендигине жетиштүү далилдер бар дешет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: