Menu

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: «Атамбаевдин болсо өзүнүн кээде “дөөрүп” кеткен адаты бар болчу»

Бөлүшүү:

-Мурунку президент “Соке досуна” таарынычын айттыбы же өзүнүн айтпай жүргөн кеңешин коомчулуктун алдында айткысы келдиби?

— Бул саясий маданиятка ылайык келбеген нерсе. Себеп дегенде бул бийликте тургандай эле кийлигишип жатат. Коррупционер Жээнбековдун өзү дегенди кылтыйтты. ЖЭБдеги иштер Жээнбековго да тиешелүү деп кагаздарын көтөрүп чыкты. Бул деген таптакыр чындыкка жатпаган нерсе. Себеби ЖЭБди модернизациялоо иштери 2013-жылы башталган. Ал учурда Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болгондуктан, ошол киши келишимге кол койгон. Ал эми ЖЭБди модернизациялоо иштери 2017-жылы 31-августта аяктаган. Бул убакытка чейин бир топ эле премьер-министрлер болбодубу. Жээнбеков ал проектиге эч кийлигишкен эмес. ЖЭБди модернизациялоо иштери аяктаган учурда Жээнбеков болсо президенттикке талапкер катары шайлоого аттанган. Бул жерде Жээнбековго жөн эле жалаа жаап жатат. Дагы бир кейиштүү нерсе, Атамбаев Жээнбеков “жетеленме” дегенди кылтыйтты. Коопсуздук кеңешинин жыйынында колуна берген кагазды окубай башка кагазды окуду деп айтып жатпайбы. Эми муну мындай түшүнсөк болот? Атамбаевдин болсо өзүнүн кээде “дөөрүп” кеткен адаты бар болчу. Аны өзүңөр билесиңер. Андыктан бул жерде “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген эле көрүнүш болуп жатат. Негизи эле абдан жагымсыз окуя болду. Эми мындай көрүнүштү экөөнүн ортосундагы тирешүү деп айтууга да болбойт. Муну ич күйдүүлүк башталды деп айтсак болот. Атамбаев кадр маселесине кийлигишпейм деп үч-төрт жолу айтпадыбы. “Сапар Исаковго айтып Раим Миллионду кызматтан алдырдым” деп айтканы кадр маселесине кийлигишкендик эмеспи?! Мен бир нерсеге ыраазы болдум. Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы “Сооронбай Шарипович буга жооп бербейт” деп айтпадыбы. Туура эле кылды. “Сооронбай Шарипович өзүнүн пикири менен жашаган адам. Мунун кеңешине муктаж эмес” дегендей абдан жакшы жооп кайтарышты. Мындай көрүнүш Сооронбай Жээнбековдун тегерегинде жакшы адамдар иштеп жаткандыгын түшүндүрөт. Себеби Атамбаевдин учурунда анын оозунан чыккан сөздөрдү туура деген “колхозбайлар” болгон. Атамбаев Жээнбековдун бир тууганына да кетсин деп асылып жатат. Президент кезинде өзүнүн күзөтчү, шоопур, кампачылары деле мамлекеттик кызматта иштеп жүрүшпөдүбү. Ошон үчүн ага “бул уятсыз адам экен” деген пикир менде пайда болду. Бирок буга теңелбеш керек. Ошон үчүн “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дейт да кыргыз эли. Ал эми Атамбаевдин сөзүнөн кийин СДПК партиясы саясий аренадан кетиши керек. Азыр шайлоого барса бул партиянын шермендеси чыгат. Ал жерде жалаң куйтулар чогулган. Атамбаев жанагыдай кампачылары менен шайлоодон утат бекен?! Менин оюмча Сооронбай Жээнбековдун жасап аткан иштери туура эле. Ал эми Атамбаевдики уят…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: