Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын төрагасы: «Өкмөттө иштеп жаткан Атамбаевдин кадрлары да Форумга барып кийинки шайлоого даярданышы керек»

Бөлүшүү:

-Мурунку президент “Соке досуна” таарынычын айттыбы же өзүнүн айтпай жүргөн кеңешин коомчулуктун алдында айткысы келдиби?

— Сурооңузга дагы бир-эки сөз кошумчалап, “Соке досум, досум дегенге кандай карайсыз?” деп койсоңуз жакшы болмок. Эми бул биринчиден, күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени биз билебиз да, ал кишинин эмоционалдуу чыгып сүйлөп жүргөнүн. Экинчиден, “Соке досум” дегени туура эмес. Себеби биринчиден, бул жакта мамлекеттик протокол бар. Экинчиден, саясий этика дегенди эстен чыгарбаш керек. Анан мамлекеттик иштер эки адамдын таарынычынан жогору болушу керек. Таарынычы болсо дос катары үйүнөн, көрүнбөгөн жерден айтсын. Бирок коомчулукка чыгып алып Соке досум дегени туура эмес. Бул дагы моралдык этикага жатпайт. Үчүнчүдөн, сын-пикир айтылган жок. Ал жерде таарыныч айтылды. Сын-пикир башкача форматта айтылат. Ал башка формада болот. Сын-пикир айткандын да чечүү жолдору талданат. Президенттин маалымат катчысы: “Эмоционалдуу таарынычтарга биз жооп бербейбиз” деп айтпадыбы. Анын сыңары биз сын деп кабыл албашыбыз керек. Төртүнчүдөн, ачыкка чыгып алышты. Жеке таарынычтардын артынан эки тарап катуу тирешүүгө өттү. Мындан улам мен айтат элем, СДПК толугу менен оппозицияга өтүшү керек. Өкмөттө иштеп жаткан Атамбаевдин кадрлары толугу менен Атамбаевдин командасына өтүшү зарыл. Алар Форумга барып кийинки шайлоого даярданышы керек. Демократиянын, парламентаризмдин негизги өзөгү ушул да. Эмнеге мен минтип айтып жатам? Анткени сындагандан кийин өзүнүн иштеп жаткан кадрларын да сындашы керек. Эгерде аларды сындай албай бир тарапты сындай турган болсо, анда бул иш болбойт. Ошон үчүн сындайм дегенден кийин командасы толугу менен сыртка чыгыш керек дагы, оппозицияга өтүп, анан сындап кийинки шайлоого катышышы керек. Антмейинче болбойт. Анткени азыр иштеп жаткан жаш кадрлары эки жээкте болуп, ортодо кыйналып жатпайбы. Алар азыр Атамбаевге же Жээнбековго өтө албайт. Жээнбековдун же Атамбаевдин сөзүнө каршы туралбайт. Ушундай бир опурталдуу иш болуп калды. Өзгөчө анын командасы аткаруу бийлигинде болуп жатпайбы. Бешинчиден, жогоруда айткандай булардын жеке мамилеси мамлекеттин кызыкчылыгынан алып караганда чектен чыгып кетпеши керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: