Menu

Интернетти жарган иликтөө: “АШАнын 11 досу”

Бөлүшүү:

Эдил Байсаловдун “АШАнын 11 досу” деп аталаган видео иликтөөсү эң чуулгандуу жаңы маалыматты жарыялады. Жалпысынан 150 миң кыргызстандык ал видео менен соцтармактарда бөлүшүп, «WhatsApp» аркылуу да кенен тарады. Биз ал изилдөөнүн мазмуну менен окурмандарыбыз таанышуусу үчүн Э.Байсаловдун толук текстин басууну туура көрдүк.

Алмазбек Атамбаев 31-марттагы маалымат жыйынында мамлекеттик резиденциядагы өзүнүн бир миллион үч жүз миң долларлык жаңы хан сарайын курууга анын достору жардам бергенин айткан.

Буга чейин дагы ал бир канча жолу ага чет өлкөлүк достору кайрымдуулук кылууга көмөк көрсөтүп аткандарын айтып келген. Мисалы, былтыр шайлоо учурунда Талас облусунда театрдын имаратынын курулушуна аты аталбаган чет өлкөлүк ишкер Атамбаевдин фонду аркылуу 45 миллион сом жумшаганын айткан.

Дүйнөнүн кандай гана өлкөсү болбосун мамлекеттик жетекчи кайсы бир чет өлкөлүк же атамекендик ишкер “досторунан” акча алуусу түздөн-түз тек гана коррупция катары бааланары белгилүү.

Алмазбек Атамбаев кайсы досторунан эмне максатта канча пара алганы изилдөөгө алынышы шарт. Кыргызстан эли ал досторунун аттарын жана алардын биздин мамлекеттик жашообузга кандайдыр бир таасир көрсөтүү, аралашуу же кийлигишүүсү болгону же болбогону боюнча суроолорго жооп алуусу милдет.

Атамбаевдин достору жана бизнес өнөктөштөрү ким болду экен деп мен ачык маалымат булактарынан изилдөөгө аракеттендим. Буга эки-үч сааттай эле убактымды короттум. Силер дагы ушул эле интернеттен оңой эле мен тапкан маалыматтарды таап көрүп, окусаңар болот.

Биз өзүбүздүн бийликтен убагында жооп талап кылууга толук укуктуубуз. Мен ишенем, мурунку президентибиз, азыркы КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев ушул видеодо коюлуп аткан суроолорго жооп берип, кыргыз элине толук маалымат бере алат деп.

Биринчи суроом, Алмазбек Атамбаевдин ал 1990-жылдардын башынан бери түзгөн “Форум” фирмасындагы жаңы кошуп алган бизнес – партнеру ким?

Былтыркы президенттик шайлоо бүтөөр замат, ал фирманын уставдык документтерине өзгөртүүлөр киргизилип, жаңы негиздөөчүнүн аты киргизилген.

Кыргыз Республикасынын экс-президенти, “долларовый мультимиллионерибиздин” жаңы өнөктөшү ким болду дебейсиздерби?

Ал кайсыл бир ири атамекендик же чет өлкөлүк ишкер, миллиардер, же инвестор деп ойлоп атсаңыз керек.

Жок!

Ал 1991-жылкы жаш жигит. Аты Субихи Пархати.

Бул 26 жашар жигит менен Алмазбек Шаршенович каяктан таанышып, аны менен эмне себептен чогуу бизнес түзгөнүн ким айта алат?

Биз интернеттен Субихи Пархатинин атын киргизип издеп көрсөк – ал биздин эле Кара-Балталык теги уйгур кыргызстандык болуп чыкты.

Ал кайсыл бир убакытта Москвада окуп, дагы бир канча убакыт Астанадан 100 километр узактагы Астраханка айылында турганы боюнча маалымат тапсаңыздар болот.

Бул жигит жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкса, колунда кандайдыр бир эбегейсиз байлыгы болбосо, дагы бир жолу, Алмазбек Шаршенович, эмне себептен бул жаш баланы өнөктөш кылып алып алдыңыз? Же болбосо, балким анын артында башка бирөө, көлөкөдө жашынган накта бир досторуңуз тургандыр? Ал каяктан чыккан? Каяктан таанышып аны менен качантан бери бизнес жүргүзүп келгениңиз боюнча суроолорго жооп беришиңиз керек, урматтуу экс-президент Атамбаев!

Дагы бир суроо:

Эсиңиздерде болсо, январь айында Сапар Исаковдун өкмөтү “Хуавэй” компаниясы менен “акылдуу шаар” долбооруна кол коюп, бизге ал 60 миллион долларлык долбоорго ага чейин эч кимге белгисиз “Ака Минералз” деген фирма катышаары айтылган.

Коомчулук ошондо бир жарылганбыз, баардык кыргыз маалымат каражаттары бул кайсы, каяктан келген фирма деп баш катырган.

Биздин интернеттеги патриот кыргыз жигиттери маалымат казып, булардын артында Эмират менен Германиядагы уйгур тектүү гана ысымдар катталганын айта алышкан. Эң кызыгы, булардын түбү барып биздин мурунку тааныш Субихи Пархатидей эле ошо менен тең Айбибула Нуермаймайти жана Айбибула Паливанмухаймайти деген жаш жигиттердин аттары чыккан.

Бирок кызыгы бул жерде эмес.

Субихи Пархати дагы бир компанияга негиздөөчү болуп катталган. Ал ээлик кылган “Хуасинь” фирмасы – Терек-Сай сурьма кенди иштетүү лицензиясын аукциондон утуп алган.

Ошол эле аукционго «Ака Минералз» компаниясы катышып, бирок утулумуш болуп калганына карабастан, «Хуасинь» төлөөчү тийиштүү төлөмдөрдү «Ака Минералзтын» жооптуу кызматкерлери төлөп турганын далилдечү фактылар колубузда.

«Ака Минералз» компаниясы «Терек-Сай Жаштары» деген фирманын атына жамынып, дүйнөлүк биржадагы сурьманын баасына ылайык жок эле дегенде 500 миллион, бирок баалар кайра 2014-жылдын деңгээлине көтөрүлсө 800-900 миллион долларлык Кассан кенине лицензия алып коюшкан. Ошентип Алмаз Атамбаевдин өнөктөшү Субихи Пархати ээлик кылган «блок 17» менен кошо Кассан кен байлыгы чогуу «Ака Минералз» компаниясы иштетип атабы деген суроо туулат.

«Ака Минералз» компаниясы январь айында «Ака Инвест» болуп атын өзгөрткөн, «Мегакомду» сатып алууга кызыкдар экенин жарыялап, «Акылдуу шаар» долбооруна «инвестор» катары катышмак. Бишкек ЖЭБдеги авариядан кийин чыккан чырдан улам – бул долбоор токтотулбаганда азыркы учурда «Акылдуу шаар» деп аталган өкмөттүн эң май-талкан ишканасын контролдоп калышмак.

Абировдордун артында ким турат?

Бишкекте 31-мартта өткөн КСДП съездинде тартылган мобул сүрөттү карасаңыз.

Биринчи катарга, партиянын эң ардактуу төрүнө Алмазбек Атамбаев өзүнүн жанына кимди отургузду?

Бул жаш жигиттин – КСДП партиясынын сыймыгы жана үмүтүнүн аты Жаныбек Абиров. Ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.  Атасы Болот Абировдун атына «Рассвет Компани» фирмасы катталган. Ал фирма Кыргызстандагы эң чоң мамлекеттик контракттарды аткарат. «Рассвет Компани» (буга чейин «Прогресс Компани») жыл сайын Бишкек ТЭЦке 50 миллион долларга чейин Казакстандан көмүр ташып келет.  «Рассвет Компаниден» сырткары Болот Абировко «CIM KG PROPERTIES» жана «Бока» деген фирмалар катталган. Ага ал Султанходжа Адылов менен кошо ээлик кылат. Интернетте оңой эле издесеңиз, бул фирмалар мурун казакстандык миллиардер – теги токмоктук уйгур Алижан Ибрагимовко – айтылуу Графка тийиштүү экендери маалым.

Шабыркүлдүн көмүрү так ошол Алижан Ибрагимовдун кызыкчылыгында жылыга Бишкек ТЭЦке миллиарддаган сомго жүктөлөт.

Эсиңиздерде болсо Бишкек ЖЭБ реконструкция болоордун алдында ал толугу менен Кыргызстандын көмүрүнө ылайыкталат деп кабарланган. Бирок ага карабастан, реконструкция бүткөндөн кийин деле көмүр Шабыркүлдөн ташылып келатат.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова 2016-жылы декабрда «Facebook» социалдык баракчасына төмөнкүдөй жазган пикиринде түздөн-түз Атамбаевти Алижан Ибрагимовтун кызыкчылыгында аракет көрүп, Осмонбек Артыкбаевге буйрук бергени, анан өзүнүн дагы иштен айдалышынын түпкү себеби дагы бул маселени иликтөө аракети үчүн болгонун жазган. Салянова түздөн-түз Атамбаевди коррупция кылмышына шектүү деп айыптаган. Муну Салянова Атамбаев кызматтан кеткенде эмес, ал киши президент болуп турганда, өзү Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда айткан. Кайсыл гана өлкө болбосун, мурунку башкы прокурордун мындай дооматы укмуш резонанс жаратып, тергөө иштери башталмак. Бизде болсо Салянованы 8 жылга кесип, депутаттыктан ажыратып тынышты.

Атамбаевдин Алижан Ибрагимов менен кандайдыр бир коррупциялык мамилеси бар же жок экендиги боюнча суроого милдеттүү түрдө толук жана так жооп алышыбыз керек. Мына ушундай фактылардан соң Салянованы кызматтан кетирген, ТЭЦке 50 миллион долларга жыл сайын көмүр ташыган, Терек-Сайдагы 500 миллион долларлык кеңди алган, «Акылдуу шаар» долбооруна катышууга тумшугун салган, Жерүйдү сатып алган, «Мегакомду» сатып алам деген кайсы күч, кандай адам? Айылда жашаган 26 жаштагы Пархатиби же ким? Атамбаевдин мындай досторунан дагы канчасы бар?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: