Menu

Фотобаян – Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель окуяларында курман болгондорду эскеришти, Алмаз Атамбаев келген жок

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралу КР Президентинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду. Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: