Бүгүн, 7-апрелде таңкы саат 8:20да Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында, өзбек чек арачылары Ф.М. аттуу 1984-жылы туулган кыргыз жаранын эч себепсиз атып өлтүрүшкөн.
Кыргыз чек арачыларынын айтымында кыргыз жараны Ф.М. ал учурда чек арага жакын кыргыз территориясында бараткан.
Бүгүн, 7-апрелде КР Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси К.Рашидовду чакырып, ага КР Тышкы иштер министринин орун басары Н.Абдрахманов нааразычылык нотасын тапшырып, окуянын чоо-жайын расмий түшүндүрүүнү талап кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ