Menu

Эшектен түшсө да ээрден түшпөй…

Бөлүшүү:

Марттын 17синде Аксы кыргынынын 16 жылдыгына карата “Форумдун” имаратында өткөрүлүмүш болгон СДПКчылардын жыйынында экс-депутат, кайсыл бир коомдук уюмдун мүдүрү болуп саналган экс-депутат Мискенбаевдин онтолоп окуган доклады Аксы окуясынын курмандыктарына багышталбай эле, негизинен президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асилбекти депутаттык мандаттан ажыратуу аракетине арналгандыгы коомчулукту, анын ичинде бизди да таң калтырды. Бул орунсуздук 2016-жылы Ала-Тоо аянтында Атамбаевдин эгемендүүлүк майрамында элди куттуктабай эле, оозунан ак көбүк чачыратып, ажодон жылуу-жумшак куттуктоо угабыз деп келген элдин эсин оодарып, ит талагандай кылып, өз душманы деп эсептеген экс-президент Роза Отунбаева баш болгон, өзүнө караганда аттуу-баштуу, кадыр-барктуу, эмгеги сиңген инсандарга асылып, каргап-шилеп, табалап сүйлөгөн маскарачылыгын эске салды.

Буга чейин – соңку 16 жыл ичинде – Аксы окуясына, андагы кызыл кыргынга байланышкан маселелер тууралуу бир да ооз ачпаган Мискенбаев Асилбек Жээнбековго асылуудан башка эмнени айтмак эле. Мискенбаевдин жыйындагы “гениалдуу ачылышына” караганда президенттин иниси парламенттен кетирилбесе, бийлик үй-бүлөлүк башкаруунун торуна чырмалып калат имиш…

Экс-депутат Мискенбаев устаздары Атамбаев менен Фарид Ниязовдун биринчи кезекте жаңы президентке каршы айгактоосуна макул болоордон алдың Асилбектин агасы президент болгонго чейин эле өз кадыр-баркы менен 3 жолу депутат, 2 жолу спикер болгондугун эске алганда мындай жаңылыштыкка жол койбос беле?..

Анын үстүнө буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевден айырмаланып, ар кандай коррупциялык схемаларга, бизнес-басмачылыктарга, интригаларга, жек-жааттык топторго кошулбай келаткандыгын кыргыз коомчулугу жакшы эле түшүнүп калды. Ага-ини Жээнбековдордун ою бузук болсо, алар премьер-министр жана спикер кезде эле Атамбаев ондогон жылдар мурда баштаган акча-мүлк басмачылыгын башташпайт беле? Ошондуктан, Мискенбаевдин жогорудагы “жаңылыштыгын” Атамбаев менен Ниязовдун көзөмөлдөн чыгып бараткан жаңы президенттин кадыр-баркын кетирүү, алсыратуу, алаксытуу максатындагы аракети деп гана түшүнүүгө болот.

Биздин оюбузча эски ажо Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго карата баштаган асылуу чабуулунун 3 себеби бар:

  1. Президент Жээнбековдун таза жана мекенчил инсан, жетекчи катары Кыргызстандын кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, президенттик шайлоонун алдынан Атамбаев менен болгон «макулдашууну» жокко чыгарып (АКСтын башчысын, өзүнүн тыңчысы Фаридди, Раим жүлүктү ж.б. кызматтан кетиргендик), эч бир саясий күчтөргө жана эски-куску лөктөргө көз карандысыз иш алып баруу аракети;
  2. Сооронбай Жээнбековдун учурдагы коррупцияга каршы туура жана чечкиндүү аракеттеринен улам: Атамбаев 1991-жылы Москвадан үлүш катары бөлүнгөн Кыргызстан жазуучулар союзунун 50 миллион рублин (бул тууралуу Аскар Акаев канча жолу какшап айтпады дейсиң) кайда жумшагандыгын, “Кыргызавтомаш” өндүрүштүк бирикмеси баш болгон 6 ири ишкананй’ кантип. “прихватташтырып” алгандыгын, “Талды-Булак” алтын кенин кытайларга, “Жерүй” алтын кенин чечендерге ким “тартуу кылгандыгын, кыргыздын далай азаматтарынын башын жуткан

Батукаевдин 5 миллион долларын алып, жаза мөөнөтүн бүтө электигине карабай түрмөдөн ким чыгарып жибергендигин, бүткөрүлбөгөн иш үчүн казынаны банкротко түртүп, “Русгидрого” бюджеттен 37 миллион долларды ким жулдургандыгын, “Датка – Кемин” линиясына 400 миллион доллар чыгымдалды деп, жалган документ жасап, 1 чакырым электр зымын тартууга 1 миллион сарпталды деп ким көз боёмочулук кылгандыгын, ДачаСУдагы 40 адамдын өмүрүн алып кеткен каргашанын күнөкөрү ким экендигин жана кыйраган самолёттогу 100 миллион долларлык контрабандалык товар кимге таандык экендигин, Түндүк- Түштүк альтернативдүү жолун курам деп кытайлардан алынган 1 миллиард доллардын 500 миллионун ким жеп кеткендигин, Бишкек ТЭЦинин ремонтуна кытайлардан алынган 386 миллион доллардын 30- 40%ын ким жымыргандыгын жана баары болуп Акаев, Бакиев доорундагы кредитке алынган 2,5 миллиард долларды 5 миллиард долларга ким жеткиргендигинин сөзсүз суралышы;

  1. Атамбаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жорук- жосундарын чечкиндүүлүк менен ашкерелеп чыккан Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев сыяктуу ондогон мекенчил инсандардын саясий жалаага кабылып, ак жерден узак мөөнөттөргө зынданга ташталышын менден сурайт деген ажалдай болгон коркунучтан улам, жаңы президентке каршы асылууну баштагандыгы.

Учурда ар бир он миллиондогон, жүз миллиондогон мамлекеттик шектүү чыгымдардын арасынан Атамбаевдин кулагы көрүнүүдө деп массалык маалымат каражаттары бекеринен какшап жаткан жок да?! Шектүү болбосо ТЭЦтин ремонту үчүн кытай кредитинин эсебинен сатылып алынган 6 доллар турган 1 кычкачтын баасы отчётто 600 доллар деп көрсөтүлмөк беле?! 300 доллар турган видеокамеранын ар бири 15000 долларбы?! Бул ашкере көз боёмочулук эмей эмне?!

31-мартта Атамбаев өзүн СДПКанын төрагалыгына шайлатып жаткан кезде “осурган кыз…” дегендей, ТЭЦ аркылуу кыргыздын мойнуна илинген 486 (процентин кошкондо) миллионго байланышкан былыктын баарын Жээнбеков премьер кезде болгон деп былгытканын кантип түшүнүүгө болот?!

Айласы кетип, айтарга сөз таппай калганда эле элге догурунуп: “кудайга койдум силерди, силерге кудай көрсөтөт” деп ызырынууну өнөкөт кылып алгандыгын кантесиң?!

Дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе – жогорудагы 5 миллиард доллардын теңи мультимиллионер Атамбаевдин доорунда алынган кредиттер. Анын 2 миллиарды Кытайдан алынган. Карыз сурап, кадыры кеткен бийлик тарабынан ойлонулбай алынган карызды шору каткан кыргыз келишимде көрсөтүлгөн 2024-жылга чейин төлөй албаса, Тажикстан Тоолуу-Бадахшанды Кытайга тарттыргандай тагдырга туш келээрибиз талашсыз.

Жогорудагы каргашалуу маалыматтардан улам, президент Сооронбай Жээнбеков Бабановду гана эмес, Атамбаевди, анын уурулук менен байыган миллионер жан-жөөкөрлөрүнө тез арада чара көрүп, арам дүйнөлөрүн мамлекеттик казынага төктүрүп, ошонун эсебинен тез арада, биринчи кезекте Кытайдан алынган миллиарддардан кутулууга тийишпиз.

Акырында айтаарыбыз: президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы баштаган чечкиндүү күрөшүн эч бир кылчактабай, ыкчамдык жана туруктуулук менен уланта берүүсү зарыл. Президент өз айланасын “халал-мультимиллионер” Атамбаевден калган Сегизбаев, Джолдубаева өңдүүлөрдөн, А.Шадиев, О.Артыкбаев жана башка ушулар сыяктуу “мультимиллионерлерден” чечкиндүүлүк менен тазалап, алардын ордуна өзү ишенген азаматтарды дайындоого тийиш. Президенттин бул мекенчилдик аракеттерин Кыргызстан эли туруктуулук менен аягына чейин колдоп берээрине ишенебиз.

Эмгек ардагерлери:

Төлөгөн ЖОЛДОШЕВ, Ислам ТУРСУНБЕКОВ, Султан МУКАШОВ, Сатыбек ШАИПОВ,  Турду Эшенбуваев, Нематжан АКМАТЖАНОВ, Жээнбай БУКАРОВ, Акунбай КОШОЕВ,  Качкын БУЛАТОВ,

Курманжан МАМАТЭМИНОВА, Абида АХМАТЖАНОВА, Саида ИСМАНАЛИЕВА, Жанбото ОТОНБАЕВ,  Бекен ТОКТОМАТОВ, Карабек АЙЖИГИТОВ, Эгемберди МАДУМАРОВ, Маматаир АЛИМОВ,

Эркебай САХИБОВ, Идрис ТОИРОВ,  Номанжан АРКАБАЕВ.

Жарандык активисттер:

Мусабек ТУРСУНКУЛОВ, Мусавай МОМУНАЛИЕВ, Базаралы КАРАТАЕВ, Маннап ТУРСУМАТОВ,  Токтобай Төрөгелдиев, Нооруз КУРБАНБЕК уулу, Санжар АШИРАЛИЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: