Menu

Казакстандын Актөбө аймагында кыргыз жарандары бараткан автоунаага куралдуу кол салуу болгон

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-апрелде Казакстандын Актөбө аймагында Кыргызстандын мамлекеттик номерлүү В 8451 AI “Мерседес-Бенц 811” (бусик) автоунаага каракчылык менен кол салуу болгон, анын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Тажикстандын мурдагы жараны, учурда Россиянын жараны 1983-жылы туулган З.А, ичине ок жеген. Бул тууралу КР Ички иштер жана Тышкы иштер министрликтеринин басма сөз кызматтары тастыкташты.

Россиядан келе жаткан микроавтобус Актөбөнүн  Акшат айылына жакын жерде бузулуп, жолдо калышат. Унаанын айдоочусу бир досун алып, микроавтобустун тетиктерин таап келгени Акшат айылын көздөй кетет. Кан жолдо токтоп турган унаага түнкү саат 1лерде белгисиз адамдар келип ок чыгарып, тажик улутундагы орусия жаранын жарадар кылып, анын акчаларын, алтын буюмдарын тоноп кетишет.

Кыргыз жарандарын курал менен коркутушуп, акчаларын, бар дүйнөсүн карактап алышкан.

Азыр жергиликтүү полиция бул кылмыш ишин иликтөөдө. Ок жеген жаран ооруканага жеткирилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: