Menu

Кечээ эмнеге Атамбаев 7-апрель эскерүү иш чараларына келген жок? Сегизбаев менен Сүйүнбаев эмне үчүн кызматтарынан кетишти?

Бөлүшүү:

КР Президентинин басма сөз кызматы 6-апрель күнү, эртеси 7-апрелде өтө турган 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү эскерүү расмий иш чараларына президент Сооронбай Жээнбеков катыша тургандыгын жана ал иш чараларга экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевдер чакырылышканын билдирди.

Албетте журналисттер дароо эле Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевдин(КСДПнын) басма сөз кызматтарына кайрылышып, маалыматты тактап киришти. Роза Отунбаеванын демилгелер фондунун басма сөз кызматы Отунбаева андай чакырык алганын жана эртеси ал расмий иш чараларга албетте катыша турганын билдиришти. Ошондой эле КСДПнын басма сөз кызматы да Атамбаев расмий чакыруу алганын жана эртеси, 7-апрелде эскерүү иш чараларына сөзсүз катыша тургандыгын тастыкташты.

Бирок, эртеси, 7-апрелде расмий иш чараларда президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева гана катышып, Алмаз Атамбаев көрүнгөн жок. КСДПнын басма сөз кызматы “Алмазбек Атамбаев ооруп калгандыгына байланыштуу бүгүнкү расмий иш чараларга катыша албайт” деп билдирүү таратты. “Эл оозунда элек жок” дегендей элдин арасында “Атамбаев ичип кетиптир” деген уу-дуу сөз тарады.

Биздин жеке маалымат булактары билдиргендей, окуя бир аз башкача нукта өөрчүгөн:

6-апрелдин кечинде Алмаз Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго чалып “Соке, эмне үчүн эртеңки расмий иш чараларга Розаны чакырдың? Мен аны менен бирге бир жерде отура да, тура да албасымды билесин да, же мени келбесин деп атайын аны чакырып жатасынбы?” деп кекетет. Сооронбай Жээнбеков “Алмаз Шаршенович, эми эски таарынычтарды унутуп, баарыбыз бир муштумга түйүлөлү, мамлекетибизди көтөрөлү. Роза Исаковна, сиз жана мен бир кезде бир команда элек, кайра биригели. Эл карап турат, коңшулар карап турат, дүйнө карап турат. Ушундай жакшы ойлор менен эле экөөңөрдү тең чакырдык. Эл, мамлекет үчүн эски таарынычтарды унуталык” таризинде жооп кайтарат. Анда Атамбаев “Розанын чакыруусун жокко чыгарсаңар, мен барам, болбосо мен барбайм. Кайсы бетим менен Розанын жанында турам? Же бир жагыңа мени коюп, бир жагыңа Розаны коюп, бизди тилге келтирип, жараштырган мудрый миротворец болуп жатасынбы… Кыскасы, Роза келбесин…” , деп ультиматум коёт. Сооронбай Жээнбеков “Алмаз Шаршенович, эми аял киши менен тирешпесеңиз, ал адам не дегенибиз менен экс-президент, мен эми ага кайра кантип келбе деп айтам…” деп акылга чакырып келатканда Атамбаев адатынча богооздонуп, кагынып-сөгүнүп, коркутуп телефондун трубкасын таштап салат…

Андан кийин ачууланган  Атамбаев командасы менен сүйлөшүп туруп, Сегизбаев менен Сүйүмбаевди “Сокеден кеткиле, кайрадан бир команда болуп кайра күрөшөбүз. Биз аларга көрсөтөбүз…” деп буйрук берет.

Эртеси эрте менен Сегизбаев жана Болот Сүйүнбаев кызматтарынан кетүү арызын жазып алып келишет. Расмий иш чаралардан кайткан Сооронбай Жээнбеков ал арыздарга кол коюп салат. Ошентип Сооронбай Жээнбеков менен Алмаз Атамбаевдин командалары ачык бөлүнүштү…

Анын алдында Абдил Сегизбаев Аскарбек Шадиевди Жогорку Кеңештен уурдалган 30 миң доллар боюнча камакка алууну даярдап жатышканын билдирет. Албетте өлкөнүн жогорку саясый жетекчилигинен “эмне үчүн 30 миң эле доллар боюнча? Эмнеге Шадиевдин энергетика министри болуп тургандагы мезгили боюнча эмес?”  деген суроо жаралат. Ага Абдил алгылыктуу жооп бере албайт. Анткени мурунку шефинен “Шадиевдин энергетика министри кезине тийишпегиле” деген буйрук бар экен. Бул келишпестик да Сегизбаевдин отставкасын жакындатып келаткан.

Ошентип, Алмаз Атамбаев досуна таарынып, 7-апрель эскерүү иш чараларына барбай коюптур. Эми муштумун чөнтөгүнө катып, канткенде Соекени жазалайм деп кекенип олтурат дешет.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: