Menu

Өзбекстанда коммуналдык кызмат үчүн карызы барлар чет өлкөгө чыгарылбайт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда 1-майдан тарта коммуналдык кызматтар үчүн карызы бар жарандардын электрондук базасы ишке кирет.

Бул базага киргизилген физикалык жана юридикалык жактар үчүн ири келишимдерди түзүүгө, насыя алууга жана чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат.

Базага электр кубаты, ысык жана муздак суу үчүн эки минималдык айлык көрсөткүчтөн (бир айлык көрсөткүч – 172 240 сум) ашуун бересеси бар кишилер киргизилет. Юридикалык жактар үчүн бул – беш айлык эсептик көрсөткүч.

Коммуналдык кызматтар үчүн карызы барларга банк кызматтары көрсөтүлбөйт жана аларды Мамлекеттик кызмат борборлору тейлебейт.

Өзбекстандан учак, поезд жана автобус менен башка өлкөлөргө чыгууга тыюу салынат.

Бул арада Башкы прокуратуранын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу аэропорт, автобекет жана темир жол бекеттерине карыз төгө турган атайын кассаларды жайгаштырат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: