Menu

Франция Сириядагы химиялык чабуулду талкуулоо үчүн БУУнун коопсуздук жыйынын өткөрүүгө чакырууда

Бөлүшүү:

Франция Сириядагы химиялык куралдын колдонулушу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды. Париждин сунушун кеңешке мүчө сегиз өлкө колдоду.

Франция ТИМ башчысы Жан-Ив Ле Дриан Дума шаарынын жашоочуларына карата химиялык чабуул жасалганы тууралуу маалыматты тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирди. Париждин позициясын Улуу Британия, АКШ, Польша, Нидерланды, Швеция, Кувейт, Перу жана Кот-д’Ивуар кубаттады. Reuters маалымдагандай, Орусия дагы Коопуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө каршы эмес, бирок Москва кайсы маселени талкуулоого ниеттенип жатканы белгисиз.

Орусия ТИМи жекшембиде Сириядагы химиялык чабуул тууралуу дооматтарды четке каккан. Орусиянын Сирияда уюшулган элдешүү борборунун башчысы Юрий Евтушенко Башар Асад режими тарабынан Чыгыш Гутада химиялык курал колдонулганы тууралуу кабар чындыкка дал келбейт турганын айткан.

Франция ТИМ башчысы Думадагы окуяларды “эл аралык гуманитардык укукту жийиркеничтүү түрдө бузуу” деп атады. Ле Дриандын айтымында, Франция өнөктөштөрү менен бирге химиялык куралдын колдонулганы тууралуу маалыматты аныктап чыгат.

Көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндөгү райондордо иштеген сирия-америка медицина коому жана Сириядагы жарандык коргонуу кызматы ишемби күнү химиялык бомба жарылган маалда Дума шаарында 49 киши мерт болгонун билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Доналд Трамп Сириядагы ыктымал химиялык чабуул үчүн Башар Асадды колдогон Орусия менен Иранды айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: