Menu

Токтогул шаардык кеңешке шайлоого 6 партия ат салышмакчы

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында залкар акындын ысымын алып жүргөн Токтогул шаарында Шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоо өтмөкчү. Ошол жарышка алты партия түшөөрү белгилүү болду. Алар-КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Энергетик”,  “Өнүгүү”, “Бирик” жана “Ата Журт” партиялары. Кызыгы мындан төрт жылда күпүлдөгөн  “Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Замандаш” партияларынын деми чыкпай калганы эмнеден кабар берет? Албетте, алар күчтөн тайыганын, башчысы жоктугун, капчыгы жукалагын айгинелеп коюшту. Мурдагыдай  жоргону алкынтып минип  турганда кайрадан алдыңкылыкты ээлеп калууга жанын үрөшмөк. Тилекке каршы элдин эсинен чыкканы турганын даана чагылтып салышкандай.

Ал эми ушул ирет кимдин алкынган күлүгү марага биринчилерден болуп келерин убагында көрөбүз. Жаңыдан дараметин сынагысы келген “Энергетик”, “Бирик” партияларынын  дымагын байкоого дагы негиз түзүлдү деп айтууга неге болбосун?  Кайсыл партия фаворит болсо шаардын мэрин ошолор бөктөрүп кетерин да эске сала кетели.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: