Menu

Актөбөдөгү кол салууда жаракат алган жарандын абалы туруктуу

Бөлүшүү:

Казакстандын Актөбө облусунда кыргыз номуру тагылган кичи автобуска кол салуу маалында жаракат алган орусиялыктын абалы «оор, бирок туруктуу» деп бааланууда. Бул тууралуу жергиликтүү медиктер кабарлашты.

«Ал жандандыруу бөлүмүндө. Травматикалык шок абалынан чыкты. Кол салуу болгондо көкүрөк клеткасы, кабыргасы, сөөгү, ийининен жаракат алып, көп кан жоготкон. Жалпы абалы оор, туруктуу. Бейтап жашап кетет», — деди дарыгерлердин бири.

6-апрелге оогон түнү Актөбө шаарына жакын жерде белгисиз адамдар Кыргызстандан Орусияга бараткан кыргыз номурлуу кичи автобуска кол салып, андагылардын акчасын, алтын буюмдарын алып кетишкен. Кол салуудан автобустун жүргүнчүсү жаракат алган. Анын алдында кичи автобус бузулуп, айдоочу Актөбөгө тетик алып келүүгө кеткен. Кайра келип, укук коргоо органдарын жана “Тез жардам” чакырган. Актөбө облустук ички иштер департаменти бул окуя боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.

Актөбө облусу аркылуу күн сайын жүздөгөн транзиттик автоунаалар жана автобустар өтүп турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: