Menu

Анжиянда 9-класстын окуучусу курдашын жүрөккө сайып өлтүрдү

Бөлүшүү:

7-апрелде Өзбекстандын Анжиян шаарында 9-класстын окуучусу бычак менен курдашын жүрөккө сайып өлтүргөн. Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя болгон маалда мектептин бардык мугалимдери шаар бийлиги тарабынан жарыяланган ишембиликте жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, Анжияндагы №29 мектептин 9-классында окуган Мухаммадасрор Собиров №10 мектептин аймагында бычак жеп, дароо ошол жерде каза болгон. Болжолдуу версия боюнча буга чейин эки баланын ортосунда чыр чыгып, ал күнү маселени өз ара чечишип алуу үчүн жолугушкан.

Окуучунун өлүмү боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү окуучу камакка алынды.

Буга чейин ал өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосунда тургандыгы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: