Menu

Орусиялык 50 ишкер бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту

Бөлүшүү:

АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоого байланыштуу орусиялык 50 киши бир күндө дээрлик 12 миллиард доллар жоготту. Бул тууралуу «Форбс» журналы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, санкциялык тизмеге кирген ишкер Олег Дерипаска 24 сааттын ичинде эле 1 млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды. Бул эки ишкерге тиешелүү акциялардын баасы кыйла арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельбергдин байлыгы дээрлик миллиард долларга азайды. Каржы базарындагы абалдан улам Сулейман Керимов, Леонид Михельсон, Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов жана Алексей Мордашов деген ишкерлер дагы зыян тартты.

Санкциялардан улам ВТБ банктын, «Русал», «Норильск никели» жана «Мечел» компанияларынын акцияларынын баасы кыйла төмөндөдү. Баалуу кагаздардын баасынын арзандашына байланыштуу рублдин курсу түштү. Евронун баасы 2016-жылдын августунан бери алгачкы жолу 74 рублдан ашты.Доллардын курсу быйыл биринчи жолу 59 рублдан жогорулады.

Дерипаска президенттик кылган «Русал» компаниясынан учурда «абал жакшы эмес» экенин билдиришти. Компания өкүлдөрүнүн айтымында, азыр жетекчилик ыктымал тобокелдиктерди минимумга түшүрүүгө аракет кылууда.

Дерипаскага таандык En+ компаниясы санкциялык тизмеге киргенден кийин анын директорлор кеңешинин эки мүчөсү кызматтан кетти.

6-апрелде Кошмо Штаттар Орусиянын коопсуздук кызматтарынын жетекчилерине, саясатчыларга жана президент Путинге жакын делген миллиардерлерди “кара тизмеге” киргизген. Вашингтон мындай чечимин “Москванын дүйнөгө тийгизген зыяндуу ишмердигин” жазалоо чарасы деп түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: