Menu

Өзбекстанда салык комитетинин башчысы сурак берүүдө

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматындагы ири каржы жетишсиздигинен улам, бул мекеменин башчысы – генерал Батыр Парпиев суракка алынууда.

Салык комитетиндеги өз булак кабарлагандай, ондогон миллион доллардын дайыны чыкпай калган.

Башкы прокуратуранын өкүлү Батыр Парпиевден чыгымдардын ордун толтуруу талап кылынып жатканын билдирди. Аткаминер менен кошо Мамлекеттик салык кызматынын дагы бир нече жооптуу кызматкерлери сурак берүүдө.

13-февралда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Башкы прокуратура жана Каржы министрлигинин кызматкерлери салык комитетинде ири текшерүү башташканы кабарланган. Бул иш менен 65 тергөөчү алектенип жатканы айтылууда.

Салык комитетиндеги текшерүү 15-апрелге чейин созулат жана анын жыйынтыктары тууралуу өлкө президентине маалымат берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: