Menu

Жылымчы оосурактын жыты жаман…

Бөлүшүү:

Алкынды самындай жылмышып колго токтобогон Аскарбек Шадиев өз арызы менен вице-премьерлик кызматын таштай качты. Бул жоругун: “Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды тапшырууну туура көрдүм”, – деп жымсалдады.

Шадиев парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча шектүү катары сурак берип жаткан. Кызыгы Шадиевдин кызматган кетиши “Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция кулап, өкмөт, коалиция кайрадан түзүлүшү мүмкүн” деген кептер талкууланып жаткан учуруна туш келди. Шадиев – жаңы баш мыйзамга ылайык, депутат макамын сактап калган биринчи өкмөт мүчөсү. Салаадан куюлган кумдай болгон Шадиев депутаттык мандатын сактап калуу менен деле тергөөгө таасир тийгизет. Андай ак жүрөк болсо мандатын кошо тапшырсын, акчыланбай. Ошондо намыс менен аброй биринчи орунда турганын далилдейт. Болбосо өкмөттүн тагдыры кылдын учунда турганда кызматын таштай качканын мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон киши катары сыпаттап, кооз сүйлөп амалкөйлөнбөй эле койсун. Бирок миң кууланса даты жоопкерчиликке тартылып, жазасын алышы керек.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: