Menu

“Ата-Мекенчи” депутат Каныбек Иманалиев Атамбаевдин огородуна таш ыргытты

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары “тирилди”. Биринен бири сөз талашып, кимдир бирөөгө көрүнүп калууга жандалбасташып, экс президент  Атамбаевди алдарынын жетишинче «боктоп» калууга өтүштү. Мурда кол куушуруп, тизелери бүгүлүп жүргөн күндөрү эстен чыкты. Өзгөчө Каныбек Иманалиев деген эргул.

Прокурорлордун отчётун уккан жыйында: “Кыргызстандын төрү – бул мамлекеттик резиденция, мамлекеттик аймак. Ошол жерге чет элдик демөөрчүлөрдөн 1 млн. доллар акча алып, үй салганга кимдин акысы бар?» – деп Атамбаевдин огородуна таш ыргытып, тийиштик кылды. Жөн койсо «балтыр бит башка чыгат» деген ушул эмеспи. Кезинде эле Атамбаев «Эркин-Тоо» жана «Учкун» басмаканаларын «кемирген» былыктарын көрмөксөнгө салып койду эле. Эми минтип «адам арыгын сактасаң төбө каңдайт» дегенди көргөзүп отурат. Сооронбай Жээнбеков бул абалга туш болбош үчүн, Иманалиевдин үстүнөн козголуп токтоп калган кылмыш ишине көңүл бурушу кажет. Коррупциялык күрөш текши жүрүш керек. Кайсы бир шылуунга жеңилдик болбошу кажет.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: