Menu

Парламенттеги кыйсыпыр  жакында басылбайт

Бөлүшүү:

Ак үйдө да, өкмөттө да, парламентте да бүгүн күбүр-шыбыр кептер  ызгып жатат. Баягы кемедеги тополоң сыяктуу парламентте да абал уйгу-туйгу. Негизи жаңы бийлик келгенде баары бир чогултулган шыпырындыдан күлү додо болуп кетээри маалым. Анчалык  кадрдык жылыштар болбой жатат дегендер эми кызматтан ыргыгандарды “тосо” албай калганына таң калыша турган болушту.  Негизи ар иштин башатын жасоого парламент киришпесе өзгөрүү болбойт. Бекер жерден экинчи орунду камсыз кылып келген фракциянын ичинде  кол башындай  лидердик алмашуу болгон эместир. Мурдагы эпсиздердин ордуна ийкемдүүлөр жайгашты, демек эми чоң жолтоолук  деле жаралбасы  белгилүү болуп калды парламентте.

Арты булганбаган ажонун кареги менен айлангандар болсо кантип жагынуунун амалында жүрүшкөнү  деле мыйзам ченемдүү көрүнүш. “Жакшылардын” табияты ошондой. Бийлик бар кезде кошоматтанып оокатын кылышат да, белге тебилсе муштумун түйгөнгө чейин барышат. Айрыкча  колунда мандаты бар эргулдар не кыларын билбей коендой элеңдеген мезгили. Баары эле өлкө башчынын ишааратын күтүп, ай караган текенин ролунда. Чамасы дагы далай кызматтагылардын  “башы” алынат шекилди.  Ал үчүн парламент бир кылка тизилиш керектиги айтпаса да түшүнүктүү.  Какайып туруп берип ишке жарагыла, алгырлар.  Антпесеңер оозуңарды Вашингтонго каратып салат, анда эле кокуйлап каласыңар!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: