Menu

Кургак учукка каршы күрөш үчүн бөлүнгөн 2,2 миллион сомдон дайын жок

Бөлүшүү:

Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунда 2,2 миллион сомго тете товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги аныкталды. Бул женүнде Эсептөө палатасынан билдиришти.

Баса, Эсептөө Палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан 2017-жылга Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын одоно бузуу менен сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзбөстөн товардык-материалдык баалуулуктарды, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алгандыгы ашкереленди. Буга улай бухгалтердик эсеп жана каржылык отчетторду түзүүдө дагы туура эмес маалыматтар камтылып, мунун кесепетинен товардык-материалдык баалуулуктардын 2252,3 миң сомдук жетишпестигине жол коюлган.

Ошентип, аудиттин материалдары укуктук баа берүү максатьшда укук коргоо органдарына жөнөтүлмөкчү. Ош облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы аудит Эсептөө палатасынын планына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жана Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын аудитинин алкагында жүргүзүлүүдө. Учурда аудит дагыле улантышууда.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: