Белгилүү журналист Улан Эгизбаев бүгүн, 10-апрелде өзүнүн фейсбуктагы баракчасында Анкарада бозгунда жүргөн саясатчы Мелис Мырзакматов Түркияга расмий сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбеков токтогон “Шератон” мейманканасына келип, жолугушууга аракет кылганын, бирок президент аны жолотпой койгону тууралу Мырзыкматовдун сүрөтүн кошо тиркеп пост жазды:
“Бизге жеткен маалымат боюнча Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов Анкарадагы президент Сооронбай Жээнбеков жайгашкан Sheraton мейманканасына жайгашып, жолугууга аракет кылыптыр. Бирок Жээнбеков жанына жолотпоптур…”
Бул сүрөттүн жаңы сүрөт экенине шек жок. Анын үстүнө Улан Эгизбаев иштеген “Азаттык” радиосунун кабарчысы Бакыт Асанов президент Сооронбай Жээнбековду Түркияга сапарында коштоп жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ