Menu

Ибрагим Жунусов, КРнин Түркиядагы элчиси: “Түрк элине жакшылык кылбаган “феточулар” кыргыз элине да жакшылык кылбайт”

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жусунов “гүленчилер” маселесинде түрк тарап менен сүйлөшүү көптөн бери жүрүп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына айтып, түрктөрдүн бул боюнча сунуштары менен эскертүүлөрүн туура кабыл алыш керек экенин белгиледи:

– Бизге ар кандай маалыматтарды беришет. Биз аны Тышкы иштер министрлиги аркылуу тийиштүү министрликтерге жөнөтүп жатабыз. Чындыгында бул “феточу” дегендин Кыргызстандагы иштери аныкталса, түрк элине жакшылык кылбаган “феточулар” кыргыз элине да жакшылык кылбайт. Булар алардан өч алууну эмес, “ошол окуялар кайталанбасын, силерде да болбосун” деп жатышат. Биз аны туура кабыл алышыбыз керек.

Анкара АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүленди “2016-жылдагы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турат” деп сыпаттайт. Анын санаалаштарын азыркы Түркиянын бийлик өкүлдөрү “феточулар” деп аташат. Эрдоган 9-апрелде кыргыз президентин да аларга чара көрүүгө чакырган.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Түркияга 9-апрелде эки күндүк расмий сапар менен барган.

Фетхуллах Гүленге таандык экени айтылган “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: