Menu

Трамп Сириядагы кырдаалдан улам Латын Америкасына сапарын токтотту

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Перуда өтө турган Латын Америкасындагы өлкөлөрдүн саммитине катышуудан жана Колумбиядагы сапарынан баш тартты. Буга Сириянын Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуулдан кийин кырдаалдын курчуп кеткени себеп болгон.

АКШ лидеринин сапары ушул аптанын этегине пландалган эле. Анын ордуна саммитке вице-президент Майк Пенс катышат. Ак үй тараткан билдирүүдө Трамп “Сириядагы окуяларга америкалыктардын жообун координациялоо жана эл аралык кырдаалга көз салуу үчүн” мекенинде болоору айтылат.

АКШ президент буга чейин Дума шаарындагы химиялык чабуулду айыптап, ал үчүн Сириянын президенти Башар Асад жана Иран менен Орусия жооптуу экенин белгилеген.

Сириянын Дума шаарындагы химиялык деп болжолдонгон чабуулга жооп бериш үчүн Кошмо Штаттардын “бир топ аскердик варианттары” бар экенин президент Трамп дүйшөмбүнүн кечинде билдирди.

Орусия менен расмий Дамаск химиялык чабуул болгонун четке кагууда. Сирия Думага келип кетүү үчүн Химиялык куралды колдонууга тыюу салуу уюмуна расмий чакыруу жөнөттү.

БУУ Коопсуздук Кеңеши Сириядагы абалды талкуулоону улантат. АКШ Думадагы химиялык чабуулду иликтөө жөнүндө резолюция долбоорун киргизди. Орусия өз жобосун даярдоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: