Бүгүн, 11-апрелде КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда эң биринчи маселе болуп, КР Президентинин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү сунуштамасы каралды.
Депутаттарды сунуштаманын мазмуну менен Президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын айтымында, башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо боюнча милдет жүктөлгөн, бирок башкы прокурор тарабынан көрүлгөн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар жетишсиз болду. Ошондон улам, Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды.
Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин бул тууралу кечээ кабыл алган токтомун комитеттин төрагасы Канат Керезбеков окуп берди. Токтом добушка коюлду.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында отурумда катталган 110 депутаттын 105и “макул” деп добуш берип, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берүү жөнүндөгү сунуштамасын колдоп беришти. Эки гана депутат бул токтомго “каршы” болушту.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ