Menu

Түркмөнстанда доллар кайрадан кымбаттады

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын “кара базарларында” доллардын курсу жогорулады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 10-апрелде 1 АКШ долларын 14 манаттан сатып алышып, 14,6 манаттан сатышты.

Түркмөнстандын бейрасмий валюта алмаштыруу жайларында бир нече айдан бери түркмөн манатынын куну кетүүдө.

Февралдын ортосунда АКШ долларынын наркы “кара базарда” рекорддук көрсөткүчө жетип, 15 манатты түзгөн. Бул мамлекет бекиткен расмий курстан төрт эсе жогору дегенди билдирет.

Түркмөнстанда расмий түрдө акча алмаштырууга 2016-жылдан бери тыюу салынган. Түркмөнстан Борбордук банкы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп 2015-жылы ноябрда бекиткен жана бул көрсөткүч үч жылдан бери өзгөрө элек.

Акыркы эки жылдан бери мамлекеттик курс менен акча алмаштыруунун жалгыз жолу банк карталарындагы түркмөн манатын чет өлкөдө доллар менен колдонуу болуп келген. Бирок Түркмөнстан тышкы экономика банкы былтыртан бери чет өлкөлүк валюта операцияларын жасоого чектөө киргизген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: