Menu

Видео – Тажикстанда Садриддин Айнинин 140 жылдыгы белгиленүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстанда жазуучу Садриддин Айнинин мааракеси белгиленүүдө. 15-апрелде тажик адабиятынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер жана окумуштуунун төрөлгөнүнө 140 жыл толот.

Маараке алдында Душанбеде Садриддин Айнинин жыйнагы басылып чыкты. Мындан тышкары улуу жазуучунун чыгармачылыгына арналган конференция өтүп, ага Борбор Азия, Орусия жана Батыш өлкөлөрүнүн окумуштуулары катышты.

14-апрелде Душанбеде Садриддин Айнинин ондоп-түзөөдөн өткөн үй-музейинин ачылыш аземи болот. Имарат президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен ремонттолду. Коомдук ишмер өткөн кылымдын 20-жылдары большевиктер партиясынын жетекчилигин жана дүйнө коомчулугун Тажикстан аттуу өзүнчө республика түзүүгө ынандырган. Ал “Тажик адабиятынын үлгүсү” аттуу антологияны иштеп чыккан.

Буга чейин өзбек бийлиги белгилүү тажик жазуучусу Садриддин Айнинин Самарканд шаарындагы үй-музейин оңдоп-түзөөнү чечкен. Өкмөт бул үчүн 300 миллион сум ($37 миң) бөлгөн. Садриддин Айни Бухарада төрөлүп, бирок Душанбеге көчкөнгө чейин көп убакыт Самаркандда жашаган.

Садриддин Айнинин архивдерин сактап жүргөн Мохшариф Табаровдун айтымында, учурда окумуштуулар жазуучунун үч жыл мурун табылган өзбек жана араб тилиндеги кол жазмаларын изилдешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: