Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен жолугушту

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым менен тар жана кеңири форматтарда жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

“Кечээ Сиз Президент Режеп Тайип Эрдоган менен жемиштүү жолугушууларды жана олуттуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүңүз. Сиздин сапарыңыз кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишенебиз ”, – деп белгиледи Премьер-министр Бинали Йылдырым. Ал бийик даражалуу конокту Анкарада кабыл алып жатканына кубанычтуу экенин баса белгиледи.

Бинали Йылдырым өткөн жылы өлкөнүн Премьер-министри кезинде Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканын эскерип, быйыл болсо, аны Кыргызстандын Президенти катары жолуктуруп жатканын белгиледи. Ал Сооронбай Жээнбековду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, президенттик ишинде ага ийгиликтерди каалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алганы үчүн Түркия премьер-министрине ыраазычылык билдирди. Ал Президент Режеп Тайип Эрдоган менен кызматташтыктын бардык маселелери конструктивдүү нукта талкууланганын белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары менен канааттануу билдирди.

“Жалпысынан сапарым достук маанайда, жылуу жана жемиштүү кырдаалда өтүүдө. Сиз менен да эки тараптуу кызматташтыктын бардык аспектилерин талкууладык ”, – деди Президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасы менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын элине тынчтык жана бакубатчылык, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы боордоштук мамилелердин мындан ары да бекемделе беришин каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: