Menu

Фото – Жээнбеков Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу жазуучунун бюстуна гүл койду

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасына эки күндүк расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдөгү улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды.

Мамлекет башчысы Ч. Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ, 9-апрелде Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды улуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген. “Менин Түркияга расмий  сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди – бул тарыхый окуя”, – деп баса белгилеген Мамлекет башчысы.

Ч. Айтматов атындагы көчөдө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн.  Бюсттун автору кыргыз бедизчиси Чынгыз Шакеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: