Жогорку Кеӊеште КР Президентинин башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндөгү сунуштамасы каралып, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен макулдук берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Депутаттарды сунуштаманын мазмуну менен Президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын айтымында, Башкы прокуратуранын башкы милдети мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзамдуулуктун сакталышына көөзөмөл кылуу болуп саналат.
«Башкы прокурорго өлкөдөгү антикоррупциялык чараларды координациялоо милдети жүктөлгөн. Мына ушул мезгил аралыгында координациялык кеӊештин бир дагы жыйыны өткөрүлгөн жок. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар жетишсиз болду. Алар коррупцияга каршы чараларды координациялоонун ордуна жалаӊ статистика менен алектенип калган», – деди баяндамачы.
Ошондон улам, Президент тарабынан Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынганы белгилүү болду.
Эске салсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет буга чейин Президенттин бул сунуштамасын карап чыгып, Жогорку Кеӊешке башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан бошотууга макулдук берүү сунушун киргизүү чечимине келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ