Menu

МИД Дипакадемиясынын студенттерине биргеликте иш алып барууну сунуштады

Бөлүшүү:

2018 жылдын 6-апрелинде Казы Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова, Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун  биринчи орун басары Сюзанна Кепплер – Шлессингер жана Дипломатиялык академиясынын окуучулары менен жолугушусу болуп өттү.

Жолугушуу талкуу түрүндө өткөрүлдү, Дипломатия академиясынын ректору Чинара Адамкулова ачты. Дипломатия  академиянын ректору Чинара Адамкулова жолугушу учурунда конокторго ыраазычылык билдирип дипломатиялык академиянын негизги иш багыттары жөнүндө айтып берди андан кийин  саламдашуу  сөзүндө,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Кыргызстан жөнүндө кыскача маалымат берип кетип, Кыргызстан ачык жана демократиялык өлкө болуп саналганын белгилеп кетти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары коопсуздук, жашыл экономика, суу пайдалануу тармагында изилдөөлөр, ошондой эле дипломатия тармагындакызматташууну сунуштады. Жайында Ысык-көлдөөтө турган Эл аралык жайкы мектебинин ичинде Борбор Азиядан, Афганистандан жана Монголиядан келе турган жаш дипломаттарга  Вена Дипломатиялык академиясынын өкүлдөрү лекция окууганга чакырылышты.

Вена Дипломатиялык академиясынын директорунун  биринчи орун басары Сюзанна Кепплер – Шлессингер жолугушусуна ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө, Вена Дипломатиялык академиясынын студенттери Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү, Тышкы саясаты жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелер боюнча суроолорду беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: