Menu

Токтосун Мадияров, коомдук ишмер: “Казакстан менен Өзбекстан биздин суубузду сатып алууга милдеттүү”

Бөлүшүү:

Токтосун мырза, сиз Кетмен-Төбөнүн  кулуну катары ГЭСтердин таржымалын, ага байланыштуу элдин көйгөйлөрүн аябай жакшы билсеңиз керек?

— Мен 26 жашымда ДЭУга начальник, 31 жашымда акимдин орун басары  болгом. 12 жылдай иштеп, райондук активдерге катышып жүрдүм. Ар бир жыйын сайын суунун астында калган жердин көйгөйү айтылчу. Илгери союз убагында өзүңөр билесиңер, биринчи катчылардан эң кадыр-барктуусу Шараф Рашидов, андан кем эмес Динмухамед Кунаев болгон. Ошолордун суранычы менен Кыргызстандын аймагына 20 млрд. куб суу жыйнала турган суу сактагыч салынган. Булардын эң негизи максаты – Өзбекстандагы пахта аянтын көбөйтүү болгон. Токтогул ГЭСинин ишке кириши менен Өзбекстандын аймагында 5 млн. гектар мурда иштетилип жаткан жерлер суу менен камсыздалып, жаңы инфраструктура курулган, андан сырткары, дагы 5 млн. гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү боюнча программа түзүлгөн. Кызыл-Ордонун жээгинин баары какыраган чөл эле. Бүгүнкү күндө биздин ГЭСтин эсебинен ал жерлердин баарына суу жетип, күрүч эгилет. Токтогул ГЭСи 1974-жылы толук кубаттуулукта иштей баштаган. Биз кетмен-төбөлүктөр жерлерибизди суунун астына калтырып, 23 айыл көчүп чыкканбыз. 33 миң гектар аянт суунун астында калган. Союздун программасы боюнча Кетмен -Төбөнүн жашоочулары үч тарапка көчүрүлмөк. Бир бөлүгү азыркы Токтогул шаарчасы турган жерлерге, бир бөлүгү Бүргөндү массивине, дагы бир бөлүгү Талас районундагы Каракол айылы тарапка көчмөк. Атайын акча бөлүнүп, жерлерди өздөштүрүү башталган. Бирок, эл деген эл экен, туулган жерин таштагысы, туугандарынан бөлүнгүсү келбей, жанагы Токтогул районундагы 30 пайыз жерди байырлап калып калышкан. Ошол 1974-жылдан бери “жакшы жерлерди өздөштүрсөк экен” деп тилек кылып, арманын айткан  кетмен-төбөлүктөрдүн алды бу дүйнөдөн өтүп кетишти. Мен ошол кезде 7-8-класста окуган бала болчумун, мына мен деле алтымышка чыкканы калдым. Бүгүнкү күнгө чейин Токтогулга барганда балдарыбызга туулган жерибизди көрсөтө албай, ичибизге бук, көөдөнгө кайгы, эки көзүбүзгө жаш толуп келебиз. Анткени, биз туулуп өскөн жерлердин баары суунун астында калган. Бүгүнкү күндө Кетмен-Төбөдө 100 миңден ашуун калк жашаса, 50-60 миңинин туулуп өскөн жери жок. Сууну толтурардын алдында археологдор келип, баардык мүрзөлөрдү казып, ата-бабаларыбыздын сөөгүн бир кулач ак чүпүрөккө ороп беришкен. Алардын баарын кайра куран окутуп, бөлөк жактарга көмгөнбүз. Ошол күндөн бери суунун кайгысы менен жашап келаткан Кетмен-Төбө эли мамлекеттен оюндагыдай компенсация ала элек. Элге ырахмат айтыш керек, ар ким коктуда өздөрү суу чыгарып алышып, буудайын, жүгөрүсүн, бак-дарагын эгип, өз оокатын кылып жатышат. Негизинен Кетмен-Төбөнүн элинин союз учурундагы жеңилдиктер менен бүгүнкү күнгө чейин жашай турган жөнү бар болчу. Анткени, экономиканын тили менен айтсак, 1974-жылдан бери Өзбекстан 10 млн. гектар жерден канча пайда тапты? Алар пахтаны дүйнөлүк рынокко чыгара турган эң ири экспортерлордун бири. 10 млн. гектар жердин пахтасын өзүңөр эсептеп көргүлө. Казакстандын күрүчү да өздөрүнөн артып, бөлөк жактарга сатып атышат. Мунун баары биздин Токтогул ГЭСинин эсебинен болгон нерсе. Союз убагында энергетикалык-суу режими деген режимдин негизинде кошуна өлкөлөр бизге жардам көрсөтүп турчу экен. Бирок, союз таркап, ар бир мамлекет өзүнчө болгондон кийин энергетикалык суу режими 2000-жылдардан баштап бузулган.

— Мында биздин жетекчилерибиздин да күнөөсү бар чыгаар?

— Албетте, Өзбекстандын, Казакстандын жетекчилеринин алдында биздин президенттерибиз сөзүн жеткиликтүү айта алган эмес. Кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери “Кудайдын берген суусун сатасыңарбы?” деп биздин башчыларыбызды кемсинтип, моюн бербей, алардын катарында кыргыз элин да сыйлабай келишкени мен үчүн аябай өкүнүчтүү. Сууну кыш мезгилинде тосуп, топтоп, тундуруп, көп чыгымдар кеткенден кийин сугат сезонунда биз аларга берип келатабыз. Өзүңөр билесиңер, жайкы сезон убагында электр энергиясынын баасы арзан болот. Эгер биз электрди каалаган убакта сата турган болсок, анда кыш мезгилинде сатышыбыз керек. Анда Өзбектан менен Казакстандын аймактарын бүт суу каптап, эртеңки күнү дыйканчылык кылганга жараксыз болуп калат. Казакстанды аябай өркүндөтүп өстүргөн, жалпы Орто Азияга кадыр-баркы бар Нурсултан Абишевич жалаң эле казактарды ойлой бербей, кыргыздар үчүн да кам көрө турган куракка жетти. Анткени, Кыргызстандын электр энериясын өндүрүүнү көбөйткөнгө чоң перспективасы бар. Бүгүн биздин энергетикалык потенциалыбыз 15-20 пайыз гана пайдаланылууда. Дагы канча ГЭСтерди курганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Себеби, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө салыштырганда, бизде  өндүрүлгөн электрдин бааасы арзан. Ал эми нефти, газ, мазут сыяктуу энергия чыгаруучу нерселердин баарынын тең дүйнөлүк баасы жогорулоодо. Ошондуктан, казак, өзбек кошуналар биздин электр энериясын гана эмес, суубузду да сатып алганга милдеттүү. Биз өндүрүлгөн электр энергиясынан өзүнчө, суудан өзүнчө акча табышыбыз керек. Биз суу менен кыргыз элинин карызынан кутулсак болот. Алты жылда биз ак кар, көк музубуздун запасы менен бутубузга туруп, байыганга мүмкүнчүлүгүбүз  бар. 2001-жылы Турдакун Усубалиевич аксакалыбыздын демилгеси менен сууну товар катары сатуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, Токтогул, Киров, Орто-Токой суу сактагычтарынан сууну эсепке алып, сатса болот. Бирок, ал мыйзамды он жети жылдан бери ишке киргизе албай келе жатабыз. Андыктан, 120 депутаттын көпчүлүгү суунун үстүндө иш алпырышы шарт. Керек болсо бүгүнкү күндүн талабына жараша ошол мыйзамга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Мениче, бул маселени Өзбекстандын президенти жакшы түшүнөт. Анткени, алар өздөрү деле суу сактагычтарынан чыккан сууну бекер берген жери жок. Каптализм заманында баардык нерсенин баасы бар. Кыргызстан токсон пайыз тоолуу өлкө болгондуктан, сууну сатканга акылуубуз. Ал эми сатылган суунун акчасынын 10 пайызын ошол аймакта жашаган элге, элүү пайызын бюджетке, 40 пайызын энергетиктерге бериш керек. Эгер суу сатылса, түшкөн акча ошол аймактардын экономикасын өнүктүргөнгө, жаштардын ошол жерде туруктуу жашап калуусуна шарт түзөөр эле. Мисалы, Токтогул ГЭСи жылына 19 млрд. куб суу топтойт. Анын 6-9 миллиарды кошуна өлкөлөргө кетип турат. 9 миллиардды он эле сомдон (эң төмөн баасын айтканда) сатсак, 90 миллиард сом болот экен. Бул өтө чоң сумма. Сезон учурунда бааны жогорулатса да болот. Электр энергиясын биринчи кезекте кошуналарга сатыш керек. Өзбекстан менен Казакстан биз менен биримдикте, биздин аймактагы электр тармагын өнүктүргөнгө кызыкдар болуп, сатканда биринчи кезекте ошолорго сатып, андан артып калса анан башка жактарга пулдашыбыз кажет. Биз ынтымакта болуп иштесек, регионду арзан электр энергиясы менен камсыздаганга абдан чоң мүмкүнчүлүк бар.

Автор: Керим Мурас

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: