Menu

Министр ОшМУга да келет экен, ой-тобо!

Бөлүшүү:

КР Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева жана анын орун басары Кудайберди Кожобеков Ош шаарына иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарындагы мектеп директорлорунун жыйынына катышышты.

Жыйында “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата аткарылуучу билим берүү системасындагы багыттар боюнча сөз жүрдү. Ошондой эле башталгыч жана орто мектептерге министрлик тарабынан түзүлгөн мультимедиялык комплекстердин дагы тушоосу кесилди. Чогулуштун соңунда журналистика адистигинин студенттерине “Дата журналистика” боюнча тренинг өткөрүлдү жана иш-чаранын катышуучуларына “Дата журналистика – медианын келечеги” деген аталыштагы китеп таркатылды.

Бул жолку иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен дагы жолугушуп, окуу жайдын жетишкендиктери тууралуу сөз кылышты. Өкмөт мүчөсү аталган ЖОЖдун имараттары жана бир-катар түзүмдөрү менен жеринде таанышты. Сапарынын жүрүшүндө университеттин ички эсебинен курулуп, ачылуу алдында турган ОшМУнун 5 кабаттуу Искусство факультетин дагы кыдырды.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: