Menu

Сары-Таштын жайлоосу Өзбекстанга өтөбү?

Бөлүшүү:

Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайытты келишимдин негизинде Өзбекстанга жайыт сыңары пайдаланууга берүү маселеси каралып жатат. Бул жөнүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн жолугушуусунда журналисттерге ачыктады.

Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, аталган аймакты СССР маалында Өзбекстан келишимдик негизде жайыт катары пайдаланып келген.

– Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайыт ушул тапта жергиликтүү калк тарабынан таптакыр эле пайдаланылбай турат. Союз маалында кошуна өлкө менен жайыттарды пайдалануу боюнча келишимдеп түзүлүп турган. Анжиян шаарында өткөн Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык жолугушуусунда бул маселе дагы кабыргасынан коюлду. Эгерде бул демилге жүзөгө ашса, анда Алай районунун экономикасына дагы чоң салым кошоор эле,- деди Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов ошондой эле Ош облусунун Озбекстандын Анжиян облусу менен чектешкен аймагы 241 чакырымды түзөөрүн дагы кошумчалады.

Булак: “Майдан

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: