Menu

Боюнда бар аялга ыдык көрсөтүшкөн кызыл шапкечендерге кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Боюнда бар аялга ыдык көрсөтүшкөн кызыл шапкечендерге кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлеринин үстүнөн бойкат аялга ыдык көрсөтүшкөндүгү үчүн кылмыш ишин козгоду.

– Көзөмөл органы Н. Р. атуу жарандын мурда Ош шаардык прокуратурасына даттанган арызын кен-кесири иликтеди. Анткени, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бир катар кызматкерлери бойкат аялга милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлтүрүүгө катышканы жөнүндө маалымат алуу максатында 2017-жылдын мартында аны “Ак-Буура” милиция бөлүмчөсүнө алып келишип, түнкү саат 5.30га дейре мыйзамсыз кармашкан.

Натыйжада, келин боюндагы баласынан ажыраган,- дейт Башкы прокуратуранын өкүлү. Ушул тапта аталган келин депрессияга дагы кабылган. Баса, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун жансыз денеси 2017-жылдын мартында Оштун райондорунун биринде өз машинасынын ичинде табылган.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: