Орусиянын Рязань облусунда автокырсыктан катуу жапа чеккен Кыргыз жарандарынын акыбалы менен өлкөнүн Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери менен чогуу барып таанышты. Жабыркагандардын төртөө ушул тапта Рязандагы облустук ооруканада.
Аймактагы травма борборунун жетекчиси Андрей Корпуриндин айтымында, төртөөнөн башкасынын акыбалы оор. Ал эми калган төртөөнүкү азырынча канааттандырарлык. Төртөөнөн башкасы кырсык катталган Шацкий районундагы ооруканасына жаткырылган.
Кыргызстандын Миграция кызматынын жана Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Орусиянын Рязань облустук полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен дагы жолугушту. Маалыматка ылайык, кыргызстандык сегиз жаран кабылган автокырсык боюнча кылмыш иши козголду.
Баса, 1-апрелде Орусиянын Рязань облусунун Шацкий районунда Кыргыз жарандары бара жаткан автоунаа кырсыкка учураган. Алар Москва шаарынан Казакстанды көздөй баратканы айтылууда. Учурда Орусиядагы кыргыздардын түрдүү бейөкөмөт уюмдары автокырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында каражат чогултуп жатышат.
Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда 640 мин кыргызстандык жаран эмгектенет.
Булак: “Майдан“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ