Menu

Хабаровскта тик учак кыйрап, алты киши набыт болду

Бөлүшүү:

Шаршембиде Хабаровскта Ми-8 тик учагы кыйрап, алты киши мерт болду.

Орусия ӨКМи билдиргендей, “Восток” авиакомпаниясына таандык тик учак окуу-машыгуу максатында учуп жүргөн маалда жерге кескин түрдө конгон. Катуу урунгандыктан тик учак күйүп кетти, анын сыныктары бир чакырым радиуска чейин чачырады.

Кылмыш иши козголду. Тик учактын кыйрашына катаал аба ырайы – туман, техникалык мүчүлүштүктөр жана учкучтун катасы себеп болушу ыктымал деген версиялар каралууда. Ми-8деги эки “кара куту” тең табылды.

Хабаровск аймагында Ми-8 тик учагынын кыйрашына байланыштуу 12-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: