Menu

Баш прокурор ким болот? Оомат кимге оойт?

Бөлүшүү:

Кызматтан алынган Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын ордуна дайындала турган эки-үч талапкердин аты аталууда. Алар: Турганбаев Айбек Калмакович, 2011-жылдан бери Ош облусунун прокурору болуп эмгектенип келет. Көптөгөн чоң кызматтарда иштеген. Башкы прокуратурада, президенттик администрацияда иштеп, Аскер прокуратурасында, Жалал-Абад жана Бишкек шаарларынын прокурору болгон. Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын да жетекгеген. Тар чөйрөдө бул адамды Жээнбековдорго жакын дешет.

Ал эми экинчи талапкер учурунда Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп иштеген Бекмамат уулу Темирбек. Ал мамлекеттик ишмер Бекмамат Осмоновдун уулу зкени маалым, 42 жашта. Ишти билет. Тажрыйбасы деле жетиштүү. 1999-жылдан тартып прокуратура тармагында жооптуу кызматтарда эмгектенген. Аны билгендер коррупциядан алыс, чынчылдык жаты бар экенин баса белгилеп келишет.

Үчүнчүсү: Бөкөмбай Казаков. Эки жылдан бери Индира Жолдубаеванын биринчи орун басары болуп иштеп келет. Бирок Казаковдун Башкы прокурор болуп калуу мүмкүнчүлүгү азыраак. Бул үч талапкерден башка да биз билбеген бир катар талапкерлер тандалып жатканы айтылат. Айтор: “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” – дегендей буйруган адам Башкы прокурор болот. Бирок ким болсо да, эл үчүн таза иштеп берсе болду.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: