Menu

Видео – Тогуз-Тородо митингичилер алтын кен иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын жана техникаларын өрттөп салышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда  митингге чыккан жергиликтүү калк «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын иштетүүчү түбү кытайлык компаниянын имаратын жана техникаларын өрттөп салышты. Аларга тоскоол болууга аракет кылган милиционерлерди ташбараңга алышкан.
Жергиликтүүлөр «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясы алтын казып алууда уулуу заттарды пайдаланып, жаратылышка орду толгус зыян алып келет жана элдин ден соолугуна оор тааасирин тийгизет деп чочулашат.

Мурунку, 1-мартта өткөн митингге 500дөй киши келген болсо, бүгүнкү митингге 1000ден ашык киши келип катышышкан. Митингичилер «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын айткандарына ишенбей турганын жана аларга бул жерден кен каздырбай турушкандыктарын билдиришүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: