Menu

БӨТтүн Парламенттеги таасири талкаланды

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодо шайлоонун шайтан оюндары менен улут аралык мамилеге от таштагысы келген Өмүрбек Бабанов шайлоо бүтөрү менен артын карабай Орусияга кеткен. Ошондон бери андан мансап эле эмес оомат да качты. Өзүнүн жакын досу Казакбаевди РАЖга лидер кылып, ошону менен парламенттеги таасирин бекемдегиси келген. Бирок ал үмүтү акталган жок. Бабановду мурун Кудайындай көргөн бабановчул бир катар депутаттар бийликчил партияларга жең ичинен өтүп кетишти. Ошондон улам, азчылыкткы түзгөн  Бабановдун депутаттары лидерликти алдырышты. Казакбаевдин ордуна Жыргал Турусбеков шайланды. Эми Бабановдун ЖКда Казакбаев, Жээнчороев, Өмүрбекова, Бокоев баштаган саналуу гана депутаттары калды. Бирок алар азчылык болгон соң, эч нерсе чече албайт. Oшентип Акаев, Бакиев өңдүү качкындардын катарын толуктаган Бабановдун парламенттеги таасири таш-талканы чыга баштады. Эми БӨТтү мындан да жаман тагдыр күтүп турушу мүмкүн.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: