Menu

УКМКга Кожобеков “кожо” болобу?

Бөлүшүү:

Ошентип УКМКны 2015-жылдан бери жетектеп келген Абдил Сегизбаев кызматтан алынды. Жээнбековдун аны кызматтан алуу боюнча чечимине эл ыраазы эле болуп калды. Эми анын ордуна келе турган адамдар тандалып жатканы маалым. Айрым маалыматтарда УКМКнын жаңы “кожосу” болуп Асылбек Кожобеков келет дешүүдө. Бул адам 47 жашта. Кара-Балта шаарында туулган. 1992-жылы Луганск шаарындагы жогорку авиациялык окуу жайды, 1994-жылы Казакстандагы улуттук коопсуздук боюнча жогорку курсту бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз-Славян университетинде юридика тармагы боюнча билимге ээ болуп чыккан. 1993-жылдан 2010-жылга чейин (болгону ортодо эки жыл башка кызматта иштеген) УКМКда эмгектенген. 2010-2013-жылдардын аралыгында Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Ал кызматтан бошогондон соң, 2017-жылга чейин кайрадан УКМКда иштеген. Дагы бир талапкер катары жакында эле мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин ордуна дайындалган Кадыркулов дагы айтылууда. Ал буга чейин Ош облустук УКМКнын башкармалыгын башкарып келген. Кимиси келсе да, мамлекет үчүн иштей турган мекенчил, таза инсан келсе экен.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: