Menu

КСДП фракциясы өзүнө-өзү “харакири” жасадыбы?

Бөлүшүү:

Эми Кыргызстандын эли Сапар Исаковдун коррупциялык өкмөтүн колдогон КСДПнын чыныгы маңызын түшүндү. Эмне үчүн? Сапар Исаковдун өкмөтү деген эмне? Бул Бишкек ТЭЦиндеги авария, “Лигласс”, «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке ашпай калышы, «40 кадамдын» ордуна кырк чуңкур жасалганы, 30 миң доллар боюнча сурак берип жаткан Аскарбек Шадиев, кадрдык башмаламанды тендерге байланыштуу чырга маалынган өкмөттүн аппарат жетексичи Нурханбек Момуналиев, коррупциялык ызы-чууга байланыштуу отставкага кеткен байланыш агенттигинин жетекчиси Нурбек Абасканов, үстүнөн кылмыш иши козголгон Дүйшөнбек Зилалиев, Улуттук банкка өтө качкан Толкунбек Абдыгулов, иштен бошотулган Айбек Калиев. Айтор, каякты караба, «балдар бакчасы».

Анан ушундай өкмөттү КСДП фракциясы колдогону таңкалычтуу. Алар элди коррупционерлерден коргобой эле өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын коргогусу келишет окшойт. Албетте, аларды түшүнсө болот. Бирок, элди ким ойлойт? Азыр Сапар Исаковдун кадыр-баркы аябай эле түшүп кетти. Эми анын айынан КСДП фракциясы, жалпы эле партия да өзүнүн кадырын кетирип албаса болду. Фейсбукту ачып эле эл алар жөнүндө эл эмне ойлоп жатканын билүүгө болот. Ошого карабастан, КСДП аларды колдоп атканы саясый өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар.  Иса Өмуркулов эми кантип премьер-министр болгусу келет? Өзүнүн партиялык боссу менен ажыраша албай жатабы? Же бир “илинчеги” барбы?

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: