Menu

Түркмөнстандын түштүгүндө бир кишиге экиден гана нан сатылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Мары шаарындагы азык-түлүк саткан мамлекеттик дүкөндөр бир кишиге экиден гана бөлкө нан сатылууда. Бул тууралуу көз карандысыз түркмөн маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, мында кеп нан жана башка азык-түлүк түрлөрү базар баасынан арзан сатылган мамлекеттик дүкөндөр жөнүндө болууда.

«Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасынын билдиришинче, кадимки бөлкө нан бир адамга экиден гана сатылып жатканы менен, текчелерде турбай, тез эле сатылып кетүүдө.

Мары шаарында калкка нан чектелген санда сатылып жатканын «Азаттыктын» түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчылары дагы ырасташты. «Ар бир адамга 1-2ден гана нан сатылып жатканына карабастан, ал кезек күткөндөрдүн бардыгына жетпей калууда. Мындан улам нан сатып алуу үчүн жергиликтүү наабайканаларда түнү бою кезекте тургандар болуп жатат», — деди кабарчы.

Анын айтымында, учурда калкка ун дагы дале чектөөлөр менен сатылууда. Буга чейин кабарлангандай, мамлекеттик дүкөндөрдө бир адамга 5 килограммдан ашык ун сатылбайт.

Мурдараак «Азаттыктын» өз булактары калк нан жасоодо улпактын жана башка дан өсүмдүктөрүнүн унун пайдаланып жатканын бир канча жолу кабарлашкан. Түркмөн бийлиги өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы болуп жатканын расмий моюнуна алган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: