Menu

Видео — Сокулукта окуучуну муунткан Баткендин экс-губернатору Султанбай Айжигитовго кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Нурбол Айдарбековду окуучулардын көзүнчө муунткан Баткен облусунун мурунку башчысы Султанбай Айжигитовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жабырлануучунун чоӊ энеси Татына Курманбаева билдирди.

«Өткөн жылдын сентябрь айынын орто ченинде бир ата баласынын сөзүнө ишенип, териштирбей туруп, менин неберемди муунтуп, ээсин оодарып коет. Ал киши мектептеги мугалимдерге, кароолчуга да баш ийген эмес. Окуя эки класстын окуучуларынын көзүнчө болот. Биз эртеси күнү баламды Военно-Антоновкадагы медициналык тез жардам бөлүмүнө алып бардык. Ал жерден дарыгерлер “уулуӊуздун тамагын эзип койгон экен, сиз бул баланы Сокулуктагы дарыгерлерге алып барыӊыз, анткени шилекейин жута албай, сүйлөй албай калыптыр” деп айтышты. Биз дароо Сокулук райондук аймактык ооруканага алып бардык. Ал жактан дарыгер-хирург көрүп, “баланы ЛОРго алып барыӊыз, тамагын аябай эзип коюптур” деди. Ошентип уулумду ооруканага жаткырышты. Мен дароо соттук-медициналык экспертизага барып, баланы текшертип, керектүү документти алып койдум. Ошол окуядан кийин неберем бир айга чейин окууга барбай коркуп, стрессте жүрдү.

Эмнеге баламды муунтту деп, окуяны териштире баштадык. Көрсө анын уулу да 5-класста окуйт экен. Нурбол анын мектепке маки алып келгенин көрүп, кароолчуга айтып, уруш ошондон чыккан экен. Бул окуучунун атасы Баткен облусунун мурдагы башчысы Султанбай Айжигитов деген киши болуп чыкты.

Биз жергиликтүү милиция кызматкерлерине арыз жаздык. Сокулук РИИБ тарабынан Султанбай Айжигитовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Бирок кылмыш иши козголгону менен бул кишиге эч кандай чара көрүлбөй келет. Сентябрдан бери 7-8 ай өттү. Ушул 8 айдан бери 12 жашар баланын укугун эч ким коргой алган жок. Чүй облустук прокуратурага, ИИМге жана башка жерге кайрылдым. Биздей карапайым адамдардын укугу корголобу же корголбойбу? Чоӊдордун эле укугун коргой беришеби? Ал киши бизге келип кечирим да сураган жок. Неберем үчүн мен бардык жакка барып жатам. Кечээ мен президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жаздым», – деди ал.

12 жаштагы жабырлануучу Нурбол Айдарбеков окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди.

«Мектепке бир бала маки алып келиптир. Мен аны көрүп калып кароолчуга айткам. Кароолчу аны чакырса келбей качып кеткен. Мен 2-сабактан кийин кетип бара жатсам, ал бала атасын ээрчитип келиптир. Тиги бала менин бутума тепти. Мен “эмне болду” десем, “ушул бала” деп мени атасына көрсөттү. Атасы мени жулкулдатып, мойнуман кысты. Мен эс-учумду жоготуп бара жатканда Амина деген мугалимим келип, ал кишинин колунан мени тартып алды. Андан кийин класс жетекчиме барып айтсам, эжейим дароо ата-энеме чалды», – деди ал.

Нурболдун классташы жана окуянын күбөсү Адилет Кыдыргычевдин айтымында, жабырлануучу Султанбай Айжигитовдун уулу менен буга чейин бир дагы жолу урушкан эмес.

«Сабактан чыгып келе жатканбыз. Нурбол ыйлап жатыптыр. Мен андан сурасам, аны бир киши муунтуп салыптыр. Буга чейин экөө мушташкан эмес», – деди ал.

Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын кыргыз тил сабагы боюнча мугалими Элнура Болотова коӊгуроо жаӊы болуп, сабакка кирип бара жатканда аталган ызы-чууну көрүп калган.

«Бир маалда ызы-чуу эле болуп калды. Эмне болду деп карасам балдар топтолуп, алардын арасынан чоӊ киши көрүндү. Директордун орун басары ал жакка өтүп бара жатыптыр. Мен дагы далисти айланып, ошол ызы-чуу болуп жаткан жерге бардым. Барсам эле, Нурбол ыйлап жатыптыр. Ал эми тиги киши аябай ачууланып, ызырынып жатыптыр. Бирок мен муунтканын көргөн жокмун, ошол жакта тургандар муунтуп өйдө көтөрдү деп айтышты», – деди ал.

Директордун тарбия иштери боюнча орун басары Айгүл Бибасунова окуя тууралуу буларга токтолду.

«Биз директордун иш бөлмөсүндө отурганбыз. Чогулуш болуп жаткан. Мен өзүмдүн иш бөлмөмө келсем, 5-класстын окуучулары “Айгүл Зарлыковна бир киши келди. Кароолчуну чакырдык. Биз таппай жатабыз” дешти. Эмне болгон киши деп коркуп кетип кароолчуга чуркадым. Бизде Дайыр деген кароолчу бар. Ал болсо 2-кабатка чуркап бара жатыптыр. Мен да анын артынан бардым. Математика кабинетине кирсем, окуучунун атасы көп балдарды досканын жанына тизип алып, бир нерселерди айтып жаткан экен. “Саламатсыздарбы, ылдый түшүӊүз” деп акырын айтсам уккан жок. Мен катуурак айтканда, ал киши угуп, эшикке чыкты да директордун иш бөлмөсүнө бардык. Ошентип окуянын чоо-жайын сураштырып баштадык», – деди ал.

Тарых мугалими Рада Иманкулова да көргөндөрүн мындайча айтып берди.

«Бул окуя сентябрь айында болду. 14-кабинетте иштейм. Менин кабинетим эшиктин оозуна жакын болчу. Ызы-чуу болуп жатканынан барсам, бала жөтөлүп, кызарып калыптыр. Мен кароолчу Дайырды ээрчитип келип эле тиги кишини таппай калдык. Көрсө ал математика сабагына кирип кетиптир», – деди ал.

Директордун башталгыч класстары боюнча орун басары Амина Наилиева жабырлануучуну Султанбай Айжигитовдун колунан кантип куткарып алышканын мындайча билдирди.

«Элнура Сагалиева деген мугалим менен кетип бара жаткам. Топтошкон балдар жана бир чоӊ киши окуучу баланы муунтуп 14-кабинеттин жанында турганын көрдүк. Мен “байке эмне кылып жатасыз” деп колунан баланы ажырата баштасам, мага жини келип, мени менен урушту. Аӊгыча артымдагы Гүлбара Жекшеновна деген мугалим “ай байке эмне кылып жатасыз” деп кыйкырганда баланы кое берип басып кетти», – деди ал.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылдын сентябрь айында Сокулук районунун тургуну райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 28-сентябрь күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Военно-Антоновка айылындагы мектептин ичинде 2006-жылкы небересинин денесине 55-60 жаш курактагы белгисиз киши залал келтиргенин билдирген.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы менен Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-аракеттеринин негизинде 1958-жылы туулган Военно-Антоновка айылынын тургуну А.С. аталган кылмышка шектүү катары аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Turmush басылмасынын кабарчысы Султанбай Айжигитов менен байланышканда, мектептеги коррупциялык иштердин бетин жабуу үчүн анын үстүнөн ушундай каралоого аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Азыркы учурда жөнөкөй кишини колдонуп, социалдык түйүндөр аркылуу мага көө жабууга аракет кылып жатышат. Ал киши өзүн жөн гана пайдаланып жатканын түшүнбөй жатат. Мен бул аракетти жалган ушак жана чагым (провокация) деп баалайм. Бул ыплас иштердин артында коррупциялык былык иштери менен чырмалышкан Военно-Антоновка гимназия-мектебинин жана Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмүнүн жетекчилери турат.
Себебин түшүндүрүп берейин. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесине ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринен жөнөкөй же мектеп-гимназия экенине карабай биздин балдар орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу. Бул жөнүндө эч кошумча-алымчалары жок Конституцияда так жазылган. Бирок, ага карабастан ата-энелерден ар-түрдүү шылтоолордун негизинде каражат чогултуу кулач жайып, ал тургай андан ары өнүгүү тенденциясына ээ болду.

Мектептердин башкы максаты — балдарга билим жана тарбия берүү эмес, ата-энелерден акча сындыруу болуп калган. Бул үчүн алар мектептерде, тактап айтканда Военно-Антоновка гимназия-мектебинде иштелип чыккан уюшкан кылмыштуу топтун жана коррупциянын белгилери бар алты баскычтан турган эң ыплас жолун пайдаланышат. Бул ишке мектептин жетекчиси менен ага жакын мугалимдерден тышкары, айрым абийирсиз ата-энелер жана окуучулар, милиция кызматкерлери, дарыгерлер, соттук-медициналык эксперттер катышкан. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, бул коррупциялык чынжырчага дагы башка жаңы түзүмдөр кошулушу мүмкүн.

Мисалы, Чүй облусундагы ар бир мектепте жыл сайын ата-энелерден 10 миллион сомго чейин акча чогултулат. Тилекке каршы бул сумма жыл өткөн сайын көбөйүп, өлкөнүн масштабындагы акчанын көмүскө агымына мамлекет тарабынан көзөмөл жок экени мектептердин айланасындагы коррупциялык күчтөрдү өзүнө тартууда.

Аны менен катар ата-энелердин нааразылыгы да күчөп жатат. Ата-энелерди акча төлөтүүгө мажбурлаган бул ыплас алты баскычтар дал ушундай нааразылыктарды басуу үчүн ойлонуп табылган. Бул ыкмалардын эң жогорку баскычы — нааразылыгын билдирип, айтканынан кайтпаган ата-энелерге карата чагым (провокация) уюштуруу, андан соң мыйзамды жана жарандардын конституциялык укуктарын одоно бузуу жолу менен алынган далилдердин негизинде кылмыш ишин козготуу болуп эсептелет.

Мен дагы ушундай ыкманын курмандыгы болгом. 2017-жылдын 27-сентябрында менин уулум менен байланышкан окуянын шылтоосун пайдаланып, Военно-Антоновка гимназия-мектебине чакыртышып, тузакка илүү менен болбогон окуяга күнөөлөштү.

Балдар билим гана албастан, келечекте жаран катары руханий жана адеп-ахлактык дүйнөсүн калыптандырган жалпы билим берүү мекемелерине коррупциянын тереңдеп кириши өзгөчө тынчсыздандырууну жаратат. Мектепте түзүлгөн мындай коррупциялык атмосфера окуучулардын психикасын бузуп, эртеңки күнгө ишенбөөчүлүккө тарбиялайт. Ошондой эле толук кандуу жарандарды эмес, социалдык кем адамдарды тарбиялап, руханий деградацияга алып келет. Анын артынан саясий жана экономикалык деградация жаралат. Буларды бүгүнкү жашообуздагы ачуу чындыктар тастыктап турат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу мен тиешелүү органдарга арыз менен кайрылып, адамдардын конституциялык укуктары тепселенип, ал эми баш көтөргөн адамдар коррупциялашкан күчтөр тарабынан куугунтукка алынып жатканын айтып, ошолорго каршы чараларды көрүүлөрүн суранганмын. Ошондой эле жогоруда келтирилген жүйөлөргө байланыштуу мыйзамдарга, актыларга жана ведомстволук буйруктарга, алардын конституцияга ыңгайлуулугу жөнүндө ревизия кылууну өтүнгөнмүн. Ал эми, мыйзамга ылайыксыз иш-аракети үчүн Сокулук РИИБдин тергөөчүсүнө карата райондук сотко арыз бергенмин.

Военно-Антоновка гимназия-мектебинин жетекчиси Сокулук РИИБдин тергөө бөлүмү менен биргеликте социалдык түйүндөр аркылуу мени каралоо аракети болуп жатканынын себептери ушунда.

Кейигеним, мени каралоого Курманалиева сыяктуу жөнөкөй жаранды пайдаланууда. Чындыгында, мен өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн эмес, бул жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын коргоого аракет кылуудамын. Бул аялдын адашып жатканын түшүнүп турам, ошондуктан ага тарынбаймын. Башында ыплас максаттарына жетип алыш үчүн анын небересин пайдаланып жатышкан, эми ыплас иштерин бетин жабыш үчүн өзүн колдонуп жатышат», – деди ал.

Булак: Турмуш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: