Тажикстандын Фархор райондук аскер комиссариатынын аскерге даярдык бөлүмүнүн башчысы Мехруз Тоиров 5 миң сомони (550 доллардан ашуун) пара алууга жана армияда кызмат өтөбөгөн жаранга аскер билетин даярдап берүүгө айыпталып кармалды.
Мехруз Тоиров Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тарабынан 10-апрелде пара алып жаткан маалда кармалды.
Ага карата “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Бул Аскер комиссариатынын кызматкерлери паракорчулукка айыпталган биринчи учур эмес. Быйыл январда 300 доллар пара менен Куляб аймагынын аскер комиссары Рустам Бурхонов кармалган. Бул акчага ал жергиликтүү жашоочуга аскер билетин жасап берүүнү убада кылган.
Ал ортодо 1-апрелден бери Тажикстанда жазгы аскерге чакыруу кампаниясы өтүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ