Menu

Айыл чарба жана мелиорация министри: Түркиядан төөбуурчак, мистенин көчөтүн алып келүүнү сүйлөштүк

Бөлүшүү:

Апта башында президент Жээнбековдун Туркияга болгон иш сапарында өлкөбүздүн айыл чарба министри да расмий делегациянын курамында болгон. Биз Түркия жергесинде жүргөн министр менен телефон аркылуу баарлашып, сапардын күнгөй-тескейинен кыскача кабар алдык.

– Нурбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун Туркияга болгон иш сапарында сиз даты болдуңуз. Бул расмий сапарда жеке өзүңүз жетекчилик кылган айыл чарба тармагы үчүн кандай олжо алып келгенге жетиштиңиз?

– Албетте, өлкө башчыбыз Сооронбай Шарипович баштаган бул жолку сапарыбыз абдан жемиштүү болгондугун баса белгилеп айта алам. Туркия мамлекети менен эки тараптуу макулдашууларды, мамилелерди жогорку деңгээлде жандандыруу жагынан жакшы иштер болду. Учурда Туркия мамлекети менен биздин өлкөнүн 30 миллион доллардан ашуун көлөмдө товар жүгүртүүсү бар. Мына ушундай көрсөткүчтү биз эки эсеге чейин көтөрөлү дедик.

Мындан тышкары, төөбуурчак менен пахтанын жаңы үрөндөрүн, мистенин жаңы көчөттөрүн алып келүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Бизден жана башка мамлекеттерден Туркияга экспорттолуп барган жаңгактарга 50% бажы салык бар экен. Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандан Туркияга экспорттолуп барган жаңгактардан ошол бажы салыгын алып салып, жеңилдик берүү жагын сурандык. Буюрса, алдыдагы июнь айынан баштап жогорудагы макулдашуулардын негизинде Түркиянын мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилери биздин өлкөгө атайын иш сапар менен келишет. Эки тараптуу жетишилген келишимдер менен сунуштарыбыз июнь айынан баштап ишке ашат. Мен болгону өзүбүздүн айыл чарба жааты боюнча жетишилген иштерди гана тизмектедик. А жалпысынан алганда бул жолку иш сапар жакшы деңгээлде болгондугун айта алам.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: